Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жыл 5-марты №4

 

“Каргалык айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”

 

        Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу Жобонун 3-главасынын 10-беренесинин 1-бөлүкчөсүнө ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылы кабыл алынган регламенти бекитилсин. (Регламент тиркелет).

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына, айыл өкмөтүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн аппаратына жана айыл өкмөтүнүн аймагында турган мекеме-ишканаларга, коомдук уюмдарга жүктөлсүн.

3.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.И. Токтоболотов