Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-марты № 106-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-статьяларына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча), илимий-изилдөө жана долбоорлоо мекемелери (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Планды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык. көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана чарбакер субъекттердин, илимий-изилдөө, долбоорлоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 773-т тескемесинин редакциясына ылайык)