Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 2-апрели № 152

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жободо:

- 3-пункттун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 05-апрелиндеги № 26 (3579) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.Жапаров