| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Ветеринардык кызмат жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жана ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары -ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат, анын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери юридикалык жак болуп саналат. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Ветеринарная служба при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВК";
- расмий тилде: "ВС".
6. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 б.
7. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүргүзөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калктын саламаттыгын коргоону, эпизоотиялык бакубаттыкты, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун, ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
3-глава. Кызматтын милдеттери
9. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калктын саламаттыгын коргоо;
2) жаныбарлардын саламаттыгын ылаңдардан коргоо жана эпизоотиялык бакубаттыкты камсыздоо;
3) Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын таралышынан жана жайылышынан коргоо;
4) ветеринардык контролдонууга тийиш болгон продукттардын (чийки заттардын) коопсуздугун камсыздоо;
5) бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбеген көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып келүүнүн, ташып чыгуунун, реэкспорттоонун жана транзиттөөнүн эрежелерин бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу;
6) ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү;
7) ветеринарияга карата өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткаруу;
8) ветеринардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш болгон объекттерге коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды сактоону камсыз кылуу;
9) Министрлик менен макулдашуу боюнча ветеринария, эпизоотиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл арапык кызматташуусун түзүү жана өнүктүрүү;
10) ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу;
11) жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарын, техникалык регламенттер менен белгиленген продукциянын, ошондой эле ветеринардык контролдонууга тийиш болгон продукциянын, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдөгү ветеринардык препараттардын коопсуздугуна талаптардын бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;
12) ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;
13) ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоону, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашыруу.
4-глава. Кызматтын функциялары
10. Кызмат төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- ветеринардык коопсуздук, ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды, статистикалык жана эсептик маалыматтардын, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын чыгуу жана жайылуу мүмкүндүгүнүн илимий негизделген божомолдорунун негизинде жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын, өсүмдүктөрдүн ылаңдарынын алдын алуу жана жоюу боюнча профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу жана контролдоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу келишимдик негизде ветеринардык практикага укуктуу жактарга берүү;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын профилактикалоо, диагностикалоо жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;
- ветеринардык зоналарга бөлүүнү жана аймактарды компартментализациялоону жүргүзүү;
- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тартиби белгиленген ветеринардык багыттагы, анын ичинде шашылыш сатып алуу үчүн биопрепараттардын резервдик фондун түзүү;
- активдүү жана пассивдүү эпизоотиялык мониторингди, ошондой эле көзөмөлгө алынган продукциянын сапатына мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди башкаруу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- региондорго бөлүштүрүү жана компартментализациялоо, ветеринардык контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүүдө лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү уюштуруу эрежелерин бекитүү;
- профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
- көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана эл аралык транзиттөөгө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтерди берүү;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продукттарга ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- зарыл болгон учурларда эпизоотияны жоюу боюнча экспедицияларды уюштуруу;
- көзөмөлгө алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (аймактан ташып чыгууга), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун жазуу жүзүндөгү уруксатын берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын тизмегин аныктоо;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын коркунучунда жана келип чыкканда карантин киргизүү, алып салуу тартибин жана башка чектөөчү чараларды аныктоо;
- ветеринардык дары каражаттарынын өзгөчө запасын топтоо, колдонуу жана эсептен чыгаруу тартибин иштеп чыгуу;
- башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын эквиваленттүүлүгүн таануу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын ылаңдарынын таралуу жана/же жайылуу коркунучу болгон учурда көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып келүү жана ташып чыгуу боюнча убактылуу чектөө чараларын киргизүү;
- ветеринария, анын ичинде жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык дары каражаттары, тоюттар жана тоют кошулмалары, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы актыларды, техникалык регламенттерди, ветеринардык-санитардык талаптарды, эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгууга катышуу;
- ветеринардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш болгон продукттарды (чийки затты) өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн жактарды мамлекеттик каттоо (эсепке алуу) жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
- объекттерди куруу, долбоорлоо, реконструкциялоо үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча архитектура органдарынын ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ветеринардык талаптарга шайкештиги жөнүндө корутундуларды берүү менен байланышкан суроо-талаптарын кароо;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларын ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашырат;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды, тоют кошулмаларын жана ветеринардык багыттагы каражаттарды өндүрүүнүн (даярдоонун), сактоонун, дүң жана чекене сатуунун шайкештигин баалоо;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештиги боюнча экспертиза жүргүзүү;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиялоону жүзөгө ашырат;
3) төмөнкүлөрдү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык контролдоо жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу илдеттердин козгогучтарынын таралышына жол бербөөнү;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык эл аралык почта мекемелери тарабынан ветеринардык-санитардык ченемдердин жана убактылуу сактоочу кампалардагы көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташуудагы талаптардын сакталышын;
- ветеринардык контролдонууга тийиш болгон, керектөөгө жана эркин соодага жараксыз продукттарды (чийки затты) топтоо жана утилдештирүү боюнча тартиптин белгиленген талаптарга ылайык сакталышын;
- көзөмөлгө алынган продукцияны жүгүртүүнүн бардык этаптарында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу максатында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана башка документтердин талаптарынын аткарылышын;
- ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоочу кампаларда жана бажылык тариздөө жайларында көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттөөдө ченемдердин жана регламенттердин сакталышын;
- ветеринардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатындагы талаптардын аткарылышын;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштурууну;
- жаныбарларды ылаңдардан коргоонун иммунобиологиялык препараттарынын, жабдууларынын, инструментарийинин дарылоочу, дезинфекциялоочу жана башка коргоо каражаттарынын резервин түзүүгө муктаждыкты аныктоону;
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушун жана жайылышын болтурбоо боюнча диагностикалык, профилактикалык, ветеринардык-санитардык иш-чараларды, ошондой эле аларды жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарды;
- ветеринардык лабораториялардын ишин, оору козгогучтарды лабораториялык диагностикалоонун сапатын, жаныбарлардын ылаңдарынын пайда болуусунун, өтүүсүнүн жана жайылуусунун себептерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөнү;
- жаныбарларды, канаттууларды, тузсуз суудагы балыктарды, аарыларды сатууга жана аларды ташууга байланышкан ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында микробдорго каршы резистенттүүлүктү (жаныбарлардагы микробдорго каршы препараттарды, ошондой эле жаныбарлардан алынган иштетилбеген тамак-аш продукциясын күтүүнү жана колдонууну);
- соода түйүндөрүндөгү жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга клиникалык, диагностикалык, дарылоо-профилактикалык, ветеринардык-санитардык, пландуу эпизоотияга каршы иш-чараларды, ошондой эле ветеринардык-санитардык экспертизаларды жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу, карантиндик жана зооноздуу ылаңдарынын очокторун профилактикалоодо, диагностикалоодо, локализациялоодо жана жоюуда эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү;
4) колдоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо;
- диагностиканын жана экспертизанын заманбап, илимий негизделген методдорун иштеп чыгуу, пайдалануу жана киргизүү;
- юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринария жаатында өндүрүш ишканаларында жана уюмдарында өндүрүштү контролдоо программаларын иштеп чыгууда жана аларды ишке киргизүүдө консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- Кызматтын кызматкерлерин жана жеке ветеринардык адистерди кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу;
- ветеринардык кызматтарды көрсөтүү боюнча жеке ветеринардык дарыгерлердин ишин жана ветеринардык тейлөө чөйрөсүндөгү атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара аракеттенүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташуу;
- массалык ууланууларды (көзөмөлгө алынган объекттерге байланышкан), эпидемияларды, эпизоотияларды, табигый кырсыктарды, экологиялык кыйроолорду жана адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн коркунучтуу башка өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышуу;
- бюджеттик ассигнованиелердин, гранттардын жана долбоорлордун эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүү;
- муздак чынжырчаны сактоо менен ветеринардык дары каражаттарын жеткирүүнү камсыз кылуу;
- Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин отчетторун кабыл алуу, алардын ишин талдоо жана отчеттордун тууралыгын текшерүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коммуникацияны жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык өткөрүлүп берилген мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын (аутсорсинг) жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, жеке ветеринарлардын ассоциациясы жана алардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен кызматташуу;
- рекламацияларды кароо, маалыматтарды топтоо, жаныбарлар үчүн ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын колдонуунун натыйжасындагы терс таасир этүүлөрдү жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн талдоо жана корутунду берүү;
- жаныбарлар үчүн ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүргөн ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзүү;
- ветеринардык биологиялык препараттардын жана тоют кошулмаларынын эталондорун, стандарттык үлгүлөрүн, ветеринарияда колдонулуучу микроорганизмдердин штаммдарынын улуттук коллекцияларын сактоо;
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу;
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын сертификаттоо боюнча методдорду өркүндөтүү.
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу.
5-глава. Кызматтын укуктары
11. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардан жана жарандардан мамлекеттик программалардын алкагында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча, аныкталган ветеринардык-санитардык бузууларды жоюу боюнча ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүүнү талап кылууга;
2) ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоо кампаларында жана бажылык тариздөө жайларында бажылык жол-жоболордон өткөнгө чейин ветеринардык уруксат берүүчү документтерди берүү менен көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) кароого жана текшерүүгө;
3) объектке карата коюлуучу ветеринардык-санитардык ченемдер жана эрежелер сакталбаган, көзөмөлгө алынган продукцияны, товарларды эксплуатациялоонун, сактоонун, ташуунун жана сатуунун шарттары бузулган учурда уруксат берүүчү документтерди берген органдарга аларды чакыртып алууга материалдарды жиберүүгө;
4) мамлекеттик статистика органдарынан, бажы жана башка органдардан статистикалык маалыматтарды жана көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, аймагынан ташып чыгуу, транзиттөө жөнүндө маалыматтарды алууга;
5) жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын пайда болуу жана/же жайылуу коркунучу келип чыккан учурда менчигинин түрүнө карабастан көзөмөлгө алынган объекттерди пайдаланууну токтотуп турууга;
6) Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин финансы-чарбалык жана башка ишин контролдоого;
7) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык көзөмөлгө алынган объекттерде аныкталган бузууларды кароого жана белгиленген тартипте жазаларды колдонууга;
8) аткаруу үчүн милдеттүү болгон ветеринардык коопсуздук талаптарын аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) чыгарууга жана мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык, жеке жактарга жана жарандарга берүүгө;
9) уюмдардын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды ветеринардык коопсуздук талаптарын бузуу фактылары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн чакырууга;
10) жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө комиссияларда тиешелүү маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
11) өзүнүн компетенциясынын чегинде зарыл болгон маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин арасынан ведомстволор аралык жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
12) бузууларга жол берген жактарды ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартуу жөнүндө материалдарды сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
13) ветеринардык коопсуздук талаптарын бузуу аныкталган учурда мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензияны колдонууну токтото туруу же болбосо аны чакыртып алуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте кабыл алууга жана киргизүүгө;
14) ветеринардык контролдонууга (көзөмөлдөнүүгө) тийиш болгон жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, ташып чыгууга, реэкспорттоого жана транзиттөөгө тыюу салууга;
15) эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүүгө;
16) коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
17) Кыргыз Республикасынын ветеринария жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
18) тиешелүү темаларда конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө;
19) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн адистерди тартууга.
6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
12. Кызматты бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп саналган директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чарасын колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Кызматтын директору жок учурда анын милдеттерин аткаруу Кызматтын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Кызматтын уюштуруу-тескөөчү документтери Кызматтын директорунун буйругу менен бекитилет.
13. Кызматтын директору:
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн бекитет, алар Кызматтын милдеттери менен функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директорду дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Кызматтын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Кызматтын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- аймактык бөлүмдөргө жана мамлекеттик мекемелерге тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кызматтын директорунун орун басарларынын ортосунда укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кызматтын кадрлар резервин түзөт;
- Кызматтын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча оперативдүү чара көрүү комиссиясын түзөт;
- Кызматтын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
- Кызматтын кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- Кызматтын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары жана Министрликтин башка сыйлыктары менен жана төш белгилери сыйлоого Министрликке өтүнүч берет;
- Кызматтын буйругу менен бекитилген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот.
14. Кызматтын директору жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген ыйгарым укуктардын чектеринде мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырат.
15. Кызматта тиешелүү жумушчу топтор жана комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
16. Мамлекеттик инспекторлордун тизмеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кызматтын директорунун буйругу менен аныкталат жана бекитилет.
17. Инспекциялоо укугу берилген Кызматтын кызматкерлери кызмат адамдары болуп саналат, Кызматтын директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү энчилүү жана номерлүү мөөрлөрү болот.
Кызматтын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттун формаларын пайдаланат.
Кызматтын ведомстволук актылары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кызматтын буйругу;
- Кызматтын токтому;
- ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук;
- укуктук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза колдонуу жөнүндө токтом.
18. Кызматтын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери өз ишин өз алдынча жүргүзөт жана Кызматка түздөн-түз баш иет.
19. Кызматтын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана жүзөгө ашырылат.
20. Кызматтын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрү болот жана алар кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген бирдиктүү үлгүдөгү ведомстволук формалык кийимди кийип жүрүүгө милдеттүү.
21. Кызматтын кызмат адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, мыйзамга каршы иш-аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, жарандык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
7-глава. Мүлк жана финансы
22. Кызматтын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. Кызматтын борбордук аппаратын, аймактык бөлүмдөрүн жана мекемелерин күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсепте топтолгон каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Кызмат жарандык мыйзамдарга ылайык оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарларды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
25. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
26. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.