Документке
Мурунку06.09.2024

 

 

 

25-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) ишин регламенттейт.

2. Мамлекеттик мекеме, анын ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону камсыз кылган, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ведомстволук мекемеси болуп саналат.

Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Мамлекеттик мекеменин уюштуруу документи болуп ушул Жобо саналат. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.

Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мекеменин ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүзөгө ашырат.

5. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси";

2) расмий тилде: "Государственное учреждение "АгроСмарт" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";

3) англис тилде: "AgroSmart" state institution under the Ministry of water resources, agriculture and processing industry of the Kyrgyz Republic".

6. Кыскартылган фирмалык аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "АгроСмарт" ММ";

2) расмий тилде: "ГУ "АгроСмарт";

3) англис тилинде: "AgroSmart" SI".

7. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А".

8. Мамлекеттик мекеме республикалык бюджеттен каржылануучу ыкчам башкаруу укугунда мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штампы, бланктары, логотиби, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка атрибуттары бар, Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.

9. Мамлекеттик мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат, өз алдынча балансы бар, келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык милдеттерди аткарууга укуктуу.

10. Мамлекеттик мекеме ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын автоматташтырылган маалыматтык системаларын өнүктүрүү, техникалык колдоо жана модернизациялоо боюнча жалгыз кызмат көрсөтүүчү болуп саналат.

2-глава. Мамлекеттик мекеменин максаты, милдеттери жана функциялары

11. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген чөйрөдө санариптик продуктуларды иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо аркылуу маалыматтык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана тейлөө болуп саналат.

12. Мамлекеттик мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системаларын түзүү, өркүндөтүү, коштоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;

2) программалык продуктуларды жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

3) зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу орган, анын ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары өздөрүнүн функцияларын аткарууга байланыштуу пайдаланган материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу жана коштоо;

4) өз компетенциясынын чегинде калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;

5) ыйгарым укуктуу органдын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чөйрөлөрдө маалыматтык-техникалык камсыздоо жана санариптик технологияларды модернизациялоо;

6) ушул Жободо көрсөтүлгөн максатка жетүү жана функцияларды аткаруу.

13. Мамлекеттик мекеме ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системаларынын жана техникалык каражаттарынын операторунун функцияларын жүзөгө ашырат.

14. Мамлекеттик мекеменин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жаатында:

- ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системаларын, ресурстарын жана маалымат базаларын, анын ичинде эл аралык маалымат системаларына интеграциялангандарын түзүү, колдоо, өркүндөтүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;

- ыйгарым укуктуу органга, анын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүүгө жана аларды санариптик трансформациялоого көмөк көрсөтүү;

- айыл чарба, балык чарба, суу пайдалануу, жер пайдалануу, жайыт пайдалануу, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба рынокторун жөнгө салуу тармактарын өнүктүрүү багытында маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү;

- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык коштоо;

- электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана башка электрондук жана мобилдик тиркемелер чөйрөсүндө долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- программалык продуктуга техникалык талаптарды иштеп чыгуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системасынын программалык камсыздоосун техникалык колдоо;

- функционалды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен маалыматтык системалардын иштешинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;

- айыл чарба, балык чарбасы, суу пайдалануу, жер пайдалануу, жайыт пайдалануу, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба рынокторун жөнгө салуу чөйрөсүндө автоматташтыруу милдеттерин иштеп чыгуу үчүн программалык продуктуну киргизүү;

- ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын программалык-аппараттык каражаттарын системалык-техникалык тейлөө жана маалыматтык системасын коштоо;

- маалыматтык системанын программалык продуктуларын коштоону жана тестирлөөнү уюштуруу жаатындагы изилденген ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбанын негизинде маалыматты иштеп чыгуунун технологиялык схемаларын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- ыйгарым укуктуу органга колдонулган программалык камсыздоо боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү, ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын кызматкерлерин маалыматтык технологиялардын көндүмдөрүнө окутуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

- агрардык тармакта бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатында маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана жайылтуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана коштоого алынган маалыматтык системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү;

- маалыматтык системалардын программалык-аппараттык комплексин иштетүү, киргизүү, коштоо жана тейлөө, иштелип чыккан программалык продуктуларды башкаруу жана техникалык колдоо боюнча иштерди аткаруу;

- ыйгарым укуктуу органды, анын ведомстволук бөлүмдөрүн жана уюмдарын санариптештирүүгө көмөк көрсөтүү;

- маалыматташтыруу процесстерин өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын жана иштин ар кандай чөйрөлөрүндө маалыматташтыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен маалыматташтыруу чөйрөсүндө саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;

- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө консультациялык кызматтарды көрсөтүү;

2) консультациялык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:

- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;

- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

- ыйгарым укуктуу органга, анын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына суралган тармактар боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү;

3) мамлекеттик мекемени өнүктүрүү жаатында:

- ыйгарым укуктуу органдын социалдык программаларын ишке ашырууга катышуу;

- колдонуудагы маалыматтык системаларды техникалык коштоо;

- бирдиктүү ачык маалыматтык-коммуникациялык системаны (Интернет-сайтын) түзүү, өнүктүрүү жана эксплуатациялоо боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген чектерде жарандардын жана уюмдардын маалыматка жетүү укуктарын ишке ашыруу;

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө кызматтардын комплексин көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарына ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү кызматтарын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылуу;

- маалыматтык системалардын ээлеринин макулдугу менен маалыматтык системалардын жана ресурстардын абалына мониторинг жүргүзүү;

- санариптик трансформациялоо, ошондой эле программалык продуктуларды бөлүштүрүү процессинде калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүнүн инновациялык методдорун, техникалык чечимдерин жана ыкмаларын киргизүү;

- киреше алуу жана мамлекеттик мекеменин максаттарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана мамлекеттик мекеменин максаттарына ылайык башка кызматтарды көрсөтүү.

3-глава. Мамлекеттик мекеменин укуктары жана милдеттери

15. Мамлекеттик мекеме ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар өз атынан алууга жана милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;

2) мамлекеттик мекеменин алдында коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктү, программалык камсыздоону, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга, алууга;

4) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте тартууга;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык баланста турган мүлктү ыкчам башкаруу, ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугунун негизинде ишке ашыруу;

6) мамлекеттик мекеменин максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдерин, мөөнөттүү эмгек келишимдерин, подряддык келишимдерди жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;

7) кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө жана социалдык-тиричиликтик камсыздоого багытталган каражаттардын көлөмүн белгиленген тартипте аныктоого;

8) жараксыз абалга келген жабдууларды жана башка мүлктөрдү баланстан чыгарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды сатуу үчүн баалоого;

9) ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасы боюнча кеңешмелердин, конференциялардын жана башка иш-чаралардын ишине катышууга;

10) жарнама таратуучусу катары чыгууга;

11) жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын брендге айландыруу жана сапатын баалоо боюнча консультацияларды берүүгө;

12) белгиленген тартипте маркетинг, соода-сатып алуу жана ортомчулук иштерин жүргүзүүгө;

13) өз компетенциясынын чегинде калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге белгиленген тартипте акы төлөнүүчү негизде кызматтарды көрсөтүүгө;

14) мамлекеттик мекеменин милдеттерин аткаруу үчүн башка субъекттерди тартууга, анын ичинде башкы подрядчы катары чыгууга;

15) электрондук башкаруу инфраструктурасын түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;

16) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;

17) программалык продукттарды түзүүгө, модернизациялоого, тестирлөөгө, коштоого жана өнүктүрүүгө;

18) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин, анын ичинде жетекчилигин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн жөнөтүүгө;

19) өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;

20) кызмат көрсөтүүлөрдөн жана жумуштарды аткаруудан алынган кирешелерди тескөөгө;

21) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте мамлекеттик мекеменин ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;

22) келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга ижарага берүүгө;

23) мамлекеттик мекеменин эсебинен кошумча окууга жөнөтүү аркылуу кызматкерлердин квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга;

24) ушул Жободо көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

4-глава. Мамлекеттик мекеменин милдеттери жана жоопкерчилиги

16. Мамлекеттик мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик мекеменин ушул Жободо белгиленген милдеттерин ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдан жазуу жүзүндө тапшырмалары аркылуу ыйгарым укуктуу органга зарыл болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга;

2) өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктү сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;

3) ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;

5) өзүнүн өнүгүү перспективаларын аныктоого жана чарба чечимдерин кабыл алууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана купуя маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга;

8) ушул Жободо аныкталган бардык талаптарды жана милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга.

17. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5-глава. Мамлекеттик мекемени башкаруу

18. Мамлекеттик мекеменин ишин координациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

19. Мамлекеттик мекемени башкарууну Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жүзөгө ашырат.

20. Директордун укуктары, милдеттери бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Жобонун негизинде иштейт.

21. Директор мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

22. Директор болбогон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык сапар, окуу ж.б.) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда анын ыйгарым укуктарын мамлекеттик мекеменин долбоорунун убактылуу координатору аткарат. Мамлекеттик мекеменин финансы документтерине кол коюу укугу мамлекеттик мекеменин тиешелүү буйругунун негизинде долбоордун координаторуна өтөт.

Долбоордун координатору директордун буйругу менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

23. Мамлекеттик мекеменин бухгалтери мамлекеттик мекеменин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктардан пайдаланат.

24. Директор ушул Жобо менен белгиленген өзүнүн компетенциясынын чегинде, ыйгарым укуктуу органдын чечимдери жана мамлекеттик мекеменин ички документтери менен:

1) мамлекеттик органдар, жарандар жана юридикалык жактар менен мамилелерде мамлекеттик мекеменин кызыкчылыктарын коргойт;

2) мамлекеттик мекеменин мүлкүн, акчалай жана валюталык каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жылдык өндүрүштүк-финансылык программада белгиленген тартипте тескейт;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик мекеменин атынан макулдашууларды, келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзөт;

4) мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;

5) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;

6) кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;

7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

8) өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлайт, тартиптик жазаларды колдонот;

9) өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктарга жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан сыйлоо үчүн көрсөтөт;

10) кызматкерлерди иш сапарларга жөнөтөт;

11) ички эмгек тартибин, ошондой эле мамлекеттик мекеменин ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды аныктайт жана бекитет;

12) белгиленген талаптарга ылайык мамлекеттик мекеменин эсепке алуу жана отчеттуулук, бухгалтердик иши, отчетторду, баланстарды, сметаларды жана иш пландарын түзүүнү уюштурат;

13) ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик мекеменин ишинин абалы жөнүндө маалымдайт;

14) мамлекеттик мекеменин атынан ишеним катсыз иштейт;

15) мамлекеттик мекеменин атынан ишеним каттарды берет.

25. Директор өзүнүн айрым укуктарын жана ыйгарым укуктарын ага баш ийген кызматкерлерге берүүгө укуктуу, бул аны ыйгарым укуктуу органдын алдында жоопкерчиликтен бошотпойт.

26. Директор колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик мекеменин башка милдеттерин жана башкаруу функцияларын аткарат, мамлекеттик мекеменин ишинин максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

27. Мамлекеттик мекеменин эмгек жамаатын анын ишине эмгек мыйзамдарынын негизинде катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эмгекке, консультациялык же эксперттик ишке тартылган башка өлкөлөрдүн жарандары түзөт.

28. Кызматкерлердин эмгек жана эс алуу режими, аларды социалдык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.

6-глава. Бухгалтердик эсеп, пландоо, отчеттуулук

29. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсеп жана отчеттуулук жүргүзөт.

30. Мамлекеттик мекеменин финансылык-экономикалык ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенциясынын чегинде ишти текшерүү жүктөлгөн ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

31. Мамлекеттик мекеме келишимдин предметин тандоодо, милдеттерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка шарттарын аныктоодо эркин.

7-глава. Мамлекеттик мекеменин мүлкү жана финансы

32. Мамлекеттик мекеме өзүнүн ишинин максаттарына жана мүлктүн максатына ылайык уюштуруучу тарабынан ага берилген мүлккө жана финансылык каражаттарга карата жарандык мыйзамдарда жана ушул Жободо аныкталган шарттарда жана тартипте оперативдүү башкаруу укугунан пайдаланат.

33. Мамлекеттик мекеменин мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;

2) уюмдардан жана жарандардан акысыз же кайрымдуулук акчалай жана мүлктүк төгүмдөрүнүн;

3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелердин;

4) гранттык жана кредиттик каражаттардын;

5) эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;

6) өздүк мүлктү пайдалануудан алынган пайданын;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.

34. Мамлекеттик мекеме оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү уюштуруучунун макулдугусуз сатууга, күрөөгө коюуга же башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.

8-глава. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу

35. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

36. Мамлекеттик мекеменин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

37. Мамлекеттик мекеменин ишинин жүрүшүндө келип чыгуучу документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.

 

 

Жаңы07.03.2024

25-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 7-мартындагы № 98

токтому менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба

жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу

"АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору"

мамлекеттик ишканасынын

уставы

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген, мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.

Ишкана мамлекеттик башкаруу органынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын автоматташтырылган маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, техникалык колдоо жана модернизациялоо боюнча жалгыз кызматтарды көрсөтүүчү болуп саналат.

2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) чечимдерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.

Ушул Устав Ишкананын уюштуруучу документи болуп саналат.

4. Министрлик мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - башкаруу органы) болуп саналат.

5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасы;

- расмий тилде: государственное предприятие "Центр цифровизации и маркетинга "АгроСмарт" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "АгроСмарт" МИ;

- расмий тилде: ГП "АгроСмарт".

6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.

7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.

8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.

9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.

11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

12. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.

 

2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана

функциялары

 

13. Ишкананын максаты Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө санариптик продукттарды иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо аркылуу маалыматтык инфраструктураны жана маркетингди тейлөө болуп саналат.

14. Ишкананын Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндөгү негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- программалык продукттарды жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

- программалык камсыздоо продукттарын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө, коштоого жана тейлөөгө катышуу;

- маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштешин жана коштоону камсыз кылуу;

- келишимдик негизде маалыматтык жана маркетингдик кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу методу менен маалыматтык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана тейлөө;

- санариптик технологияларды маалыматтык-техникалык колдоо жана модернизациялоо;

- жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продуктусун бренддөө жана сапатын баалоо боюнча консультация берүү менен тышкы рынокко ички продукцияны сатууну көбөйтүү;

- продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана өлкөнүн продукциясынын тышкы рынокто таанымалдыгын жогорулатуу максатында эл аралык деңгээлде бирдиктүү бренддөө үчүн мыкты продукцияны тандоону жана баалоону камсыз кылуу;

- ушул Уставда көрсөтүлгөн максатка жетүү жана функцияларды аткаруу.

15. Ишкананын Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндөгү негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

- мамлекеттик башкаруу органы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү, техникалык колдоо жана модернизациялоо;

- жаңы түзүлгөн маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө иштерди координациялоо жана долбоорду башкаруу;

- айыл чарбасында бирдиктүү маалыматтык тармакты түзүү, өнүктүрүү, мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик маалыматтык системалар менен биргеликте өз ара аракеттенүү;

- агрардык тармакта бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатында маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана жайылтуу;

- маалыматтык системаларды мамлекеттик маалыматтык ресурстарга интеграциялоо, жалпы пайдалануудагы маалымат базасын түзүү;

- тармактык классификациялар системасын жана документтердин формаларын өз алдынча, ошондой эле уюмдар, ведомстволор жана министрликтер менен биргеликте иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана жүргүзүүгө катышуу;

- пайдаланууга киргизилген маалыматтык системаларды техникалык коштоо жана модернизациялоо;

- техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;

- программалык каражаттарды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана жайылтуу, жалпы маалыматтык жана локалдык тармактарды түзүү, маалыматтык сайттарды иштеп чыгуу;

- келишимдер боюнча тейленүүчү объекттерди материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу, компьютердик жана уюштуруу техникаларын сатуу, оңдоо жана техникалык тейлөө;

- маалыматтык системаларды пайдаланууда аларды пайдалануучуларды окутуу;

- маалыматтык системаларды пайдалануучуларды колдоо боюнча ишти камсыз кылуу;

- маалыматтык технологиялар жаатында консультациялык кызматтарды көрсөтүү;

- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;

- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

- санариптик технологияларды иштеп чыгуу жана агрардык тармакка киргизүү;

- продуктуну бренддөө боюнча продукцияны өндүрүүчүлөргө консультация берүү;

- маркетинг, соода-сатып алуу жана ортомчулук ишин белгиленген тартипте жүргүзүү;

- ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын тиешелүү максаттарына каршы келбеген башка функциялар.

 

3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери

 

16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- электрондук башкаруу инфраструктурасын түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процесстерин оптималдаштыруу жана санариптештирүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

- рынок конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;

- программалык камсыздоону түзүү жана өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын иштеп чыгууга, ишке ашырууну жана өнүктүрүүнү коштоого;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды ишке ашыруу үчүн программалык продукттарды түзүүгө, тестирлөөгө жана өнүктүрүүгө;

- маалыматтык системаларды толуктап иштеп чыгууга жана модернизациялоого;

- Ишкананын кызматкерлерин, анын ичинде жетекчилигин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;

- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;

- кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;

- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;

- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдин негизинде чарбалык ишти жүргүзүүгө;

- кызматтарды көрсөтүүдөн жана жумуштарды аткаруудан алынган кирешелерди тескөөгө;

- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктөрдү алууга;

- мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалымат базаларынын коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана купуялуулугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө;

- Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;

- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;

- зарыл болгон учурда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;

- чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде ижарага берүүгө;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү аркылуу зайымдык каражаттарды тартууга;

- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;

- кызматкерлердин квалификациясын аларды Ишкананын эсебинен кошумча окутууга жиберүү аркылуу жогорулатууга;

- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

17. Ишкана өзүнүн максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Ишкана жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;

- Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылуучу иштерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыздоого;

- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;

- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;

- Ишкананын зарыл болгон отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;

- чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого.

18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасир эткен маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.

 

4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу

органынын компетенциясы

 

19. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;

- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;

- Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;

- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;

- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;

- Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;

- Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин сунуштоо үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;

- коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.

20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

- Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;

- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;

- анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;

- аткаруу органынын отчетторун угууга;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.

Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого, ошондой эле Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.

21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;

- Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;

- укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;

- Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.

 

5-глава. Ишкананы башкаруу

 

22. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.

23. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор мамлекеттик башкаруу органынын жетекчисинин сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

24. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.

Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

25. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

- Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;

- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;

- эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;

- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификацияланбаган иш-аракеттер;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

26. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;

- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун бекитүүгө киргизүү жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берүү;

- Ишкананын финансы-чарбалык иштери жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;

- Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;

- эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;

- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;

- Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин бекитүү;

- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;

- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.

27. Ишкананын Директору төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;

- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;

- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;

- Ишкананын долбоорлорун ишке ашырууну каржылоо маселелери боюнча сунуштар менен эл аралык донорлорго кайрылууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого, ошондой эле Ишкананын ушул Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.

28. Ишкананын Директору төмөнкүлөргө милдеттүү:

- мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талаптары боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

- мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы болбосун чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;

- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;

- укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарынын, ошондой эле жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;

- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө.

Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.

29. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.

30. Ишкананын Директору:

- Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;

- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана иштен бошотот;

- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;

- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;

- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик, жарандык мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;

- финансылык (бухгалтердик) отчеттордун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

31. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

32. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

33. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.

34. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин аткаруу бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.

35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.

36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка укуктарга да ээ.

37. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.

38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.

 

6-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы

 

39. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкүлөр кирет:

- директор, директордун орун басарлары;

- башкы бухгалтер.

40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.

Жетектөөчү курамга кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.

41. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире албайт:

- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;

- менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;

- канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;

- менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;

- мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.

Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.

 

7-глава . Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук

 

42. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган жылдык иш планынын же 3 жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.

43. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер, ошондой эле башкаруу органынын бекитилген иш-чаралар планы түзөт.

44. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.

45. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.

46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:

- ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгер болсо);

- Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.

47. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.

Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.

48. Мамлекеттик ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- Ишкананын ишинин максатынын жана негизги багыттарынын түшүндүрмөсүн;

- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тармагынын жана рыногунун баяндалышын;

- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;

- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;

- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;

- уюштуруучулук планын;

- финансылык планын;

- тобокелдиктерди талдоону.

49. Ишкананын директору жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.

50. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.

51. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук маалымат бербегендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

52. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.

 

8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы

 

53. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу саналат.

Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.

54. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.

55. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;

2) ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, продукциялар;

3) чарбалык иштин жыйынтыгында алынган кирешелер;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.

56. Ишкана тарабынан өздүк финансы-чарбалык ишинен алган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат.

Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун жүзөгө ашырат.

57. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

58. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө милдеттүү жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө тийиш.

59. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине, ошондой эле таза пайданын 50 пайыздан кем эмес бөлүгү андан ары республикалык бюджеттин эсебине отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө которулат.

 

9-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу

чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын

компетенциясы

 

60. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;

- Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;

- Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза кирешенин бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;

- Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;

- Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;

- Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;

- Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;

- Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын сактоо жана милдеттерин аткаруу;

- Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;

- Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишим түзүү;

- Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.

 

10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу

 

61. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.

62. Ишкана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен төмөнкү учурларда жоюлат:

1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;

2) соттун чечиминин негизинде.

63. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.