Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борбору жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 , 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 649 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен фтизиатрия жана пульмонология жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана фундаменталдык жана колдонмо медицина жаатында дарылоо-профилактикалык, билим берүү ишин, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-диагностикалоо, билим берүү жана илимий-изилдөө уюму болуп саналат. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штамптары бар юридикалык жак болуп саналат (уюштуруу-укуктук формасы - мекеме).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрынагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор мыйзамда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрынагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
6. Борбордун юридикалык дареги: 720020, Бишкек шаары, Ахунбаев көч., 90а.
7. Борбордун расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борбору»;
– расмий тилде: «Национальный центр фтизиатрии и пульмонологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «УФПБ»;
– расмий тилде: «НЦФП».
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрынагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
8. Борбордун ишинин максаты калкка жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле Борбордун профили боюнча республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошуучу илимий-изилдөө, өндүрүштүк ишти жүргүзүү, инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
9. Борбордун милдеттери:
1) фтизиатрия жана пульмонология жаатында калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
2) өнүктүрүү программасында аныкталган саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын калкынын кургак учук жана пульмонологиялык оорулар менен оорусун, майып болуусун жана өлүмгө учуроосун азайтууга багытталган медицинанын далилдүү принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоону реформалоо;
3) саламаттык сактоо уюмдарына кургак учук жана пульмонологиялык оорулардын алдын алуунун жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө илимий-практикалык, методикалык жардам көрсөтүү;
4) кургак учук жана пульмонологиялык оорулар менен ооругандарды алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык ыкмаларын, анын ичинен методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
5) фтизиатрия жана пульмонология боюнча инновациялык технологияларды түзүү жана координациялоо, фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) илимий-изилдөө иштеринде инновациялык потенциалды жана жеке сектордун (бизнес түзүмдөрдүн) натыйжалуулугун пайдалануу;
7) инфраструктура объекттерин жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
8) фтизиатрия чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрынагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)