| БЕКИТЕМ: Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы_____Т.И. Токтоболотов Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын №7 токтомуна тиркеме 20-март 2024-жыл
|
“Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин убактылуу жобосу”
1. Жалпы жоболор
1. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
2. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши - өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде 32 айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирген), Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - “Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши”;
- расмий тилде - “Айылный кенеш Каргалыкского айылного аймака”.
- Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Ж.Акимбаев көчөсү, № 81.
4. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечимдери
8. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары буйрук түрүндө кабыл алынат.Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешине келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов |