Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 токтому менен бекитилди) |
Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу
программаларын аккредитациялоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул аккредитациялоо тартиби Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык Аудиторлордун кесиптик квалификациясынын программасы (мындан ары - КК программасы) жана Аудиторлорго кесиптик билимди үзгүлтүксүз берүү программасы (мындан ары - КБҮБ программасы) боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин (мындан ары - КАБ) окуу программаларын аккредитациялоону уюштуруу тартибин регламенттейт.
2. Аудитордун КК программасы аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилет жана кошумча кесиптик билим берүү программасы болуп саналат.
3. Аудитордун кесиптик квалификациясынын үч деңгээли бар: базалык (биринчи), орто (экинчи) жана тереңдетилген (үчүнчү).
4. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер аудитордук иш жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде жана маңыздарда кабыл алынат жана колдонулат.
2-глава. Окуу программаларын аккредитациялоого жол берүү
5. Базалык (биринчи) жана орто (экинчи) деңгээлдеги окуу программаларын аккредитациялоого КАБга жол берилет.
6. Ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык окуу программаларын аккредитациялоо жөнүндө арыз менен КАБ, төмөнкү документтерди тиркеп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат:
1) өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчетту;
2) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) сабактардын окуу программалары;
4) сабактар боюнча сынамык экзамендик иштер;
5) КАБдын атынан аракеттенген ыйгарым укуктуу жакты тастыктаган ишеним кат же башка документ;
6) берилген документтердин тизими.
7. Ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган арызды жана документтерди КАБдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана/же электрондук форматта берет.
8. Аккредитациялануучу КАБдын жетекчиси берилген документтердин ишенимдүүлүгү үчүн жеке жоопкерчиликти тартат.
9. Окуу программаларын аккредитациялоодон өткөрүү арызы окуу программаларынын акыркы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейинки 3 айдан кем эмес убакта берилет.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз катталган күндөн тартып 10 (он) иш күн ичинде тариздөөнүн толуктугуна жана тууралыгына арызга тиркелген документтерди карайт.
11. КАБ документтерди толук эмес көлөмдө же арызды жана документтерди туура эмес тариздеп жана/же толтуруп берген учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетишпеген документтердин тизмеси жана/же документтердин таризделиши жана/же толтурулушу ушул Тартипте белгиленген талаптарга шайкеш келбөөсү жөнүндө билдирүүнү КАБга жөнөтөт.
12. Эгерде КАБ ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган билдирүүнү алган күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде жетишпеген документтерди, оңдолгон арызды жана/же документтерди бербеген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КАБдын арызын кароодон баш тартат.
13. Эгерде КАБ берген документтер ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 (беш) иш күндүн ичинде аккредитациялануучу КАБдын окуу программаларын баалоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
3-глава. Аккредитациялоо документтери
14. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчет төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
1) титулдук барак;
2) киришүү;
3) аккредитациялык талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжалары жана алардын далилдери;
4) корутунду;
5) тиркемелер.
15. Титулдук баракта төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) аккредитациялануучу КАБдын толук аталышы;
2) өзүн-өзү баалоо боюнча эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана эксперттик комиссиянын ар бир мүчөсүнүн аты-жөнүнүн тушуна коюлган колу.
16. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун 2 (экинчи) бетинде барактарын көрсөтүү менен өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун мазмуну көрсөтүлөт.
17. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун 3 (үчүнчү) бетинде кыскартуулардын тизмеси көрсөтүлөт.
18. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун киришүүсүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) аккредитациялануучу КАБдын почтасынын дареги, телефондору, электрондук почтасы, веб-сайты, ИСН;
2) аккредитациялануучу КАБдын жетекчисинин жана аккредитацияга жооптуу адамдын аты-жөнү жана байланыш маалыматтары (телефондору, электрондук почтасы);
3) билим берүү ишине лицензиясы жөнүндө маалыматтары (лицензиянын жана анын тиркемелеринин көчүрмөлөрү тиркелет);
4) аккредитациялануучу программалар боюнча окуп жаткандардын саны жөнүндө маалыматтар;
5) аккредитациялануучу окуу программаларынын алкагында ишке ашырылган окуу пландарынын көчүрмөлөрү.
19. Талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжалары жана алардын документтик далилдери ушул Тартиптин 43-56-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын ар бири боюнча ырааттуу түрдө берилет.
20. Талаптардын аткарылышын талдоонун натыйжаларынын негизинде өзүн-өзү баалоо боюнча эксперттик комиссия талаптарга ылайык келбеген көрсөткүчтөрдү (эгерде бар болсо) аныктайт.
21. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун корутундусунда критерийлердин ар бири боюнча аткарылышы, сын-пикирлер менен аткарылышы же аткарылбагандыгы жөнүндө тыянак көрсөтүлөт.
22. Өзүн-өзү баалоо тууралуу отчеттун жазылышына негиз болгон алгачкы маалыматтар талаптардын аткарылгандыгынын документтик далили болуп саналат.
23. Ар бир тиркеме жаңы барактан башталып, аталышы жана номери болот.
24. Окуу программаларына аккредитация алган КАБ арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардагы бардык өзгөрүүлөр (аталышындагы, жетектөөчү курамдагы, почта дарегиндеги, телефон номерлериндеги, электрондук почтадагы, веб-сайттагы жана билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия тууралуу маалыматтарда) жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
25. Билдирүү өзгөрүүлөр келип чыккандан кийин 20 (жыйырма) иш күндөн кечиктирбей көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү ырасталган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен кошо (салыштыруу үчүн түп нускаларды берүү менен) жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредиттелген КАБ реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү билдирүү келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде киргизет.