Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 170
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
- 2-пункттун биринчи абзацында "жыйырма" деген сөз "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине төлөөгө;
2) кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат алган кызматкерлерге же каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
3) кызматкерлерди стимулдаштырууга;
4) дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчүлөр менен Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга;
5) Министрликтин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, Министрликтин иши үчүн арналган кызматтык автотранспортту сатып алууга жана тейлөөгө, инфратүзүмдү сатып алууга, курууга жана күтүүгө, турак жай сатып алуу үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө, кызматтык жайлардын ижара акысын төлөөгө;
6) компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, комплекттөөчүлөрдү, эмеректерди сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;