Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 9-январындагы

№ 3 токтому менен бекитилди

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ

 2023-жылдын 7-июну

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү,

эки өлкөнүн ортосундагы өз ара достукту жана кызматташтыкты бекемдөө жана маданият чөйрөсүндөгү эки тараптуу достук кызматташтыкты кеңейтүү максатында,

2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык,

Маданий борборлорду өз ара түзүү жана аларды иштетүү боюнча

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Кыргыз тарап Доха шаарында Маданий борборду, ал эми Катар тарап Бишкек шаарында Маданий борборду (мындан ары - "Маданий борборлор") түзөт.

Бул Макулдашууда "Кабыл алуучу тарап" аймагында Маданий борбор түзүлгөн өлкөнү, ал эми "Жөнөтүүчү тарап" экинчи өлкөнүн аймагында Маданий борборду түзгөн өлкөнү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Маданий борбору Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан түзүлөт жана анын карамагында болот.

Катар Мамлекетинин Маданий борбору Катар Мамлекетинин Маданият министрлиги тарабынан түзүлөт жана анын карамагында болот.

Маданий борборлор жана алардын имараттары дипломатиялык артыкчылыктарга жана иммунитетке ээ болбошу керек.

2-берене.

Баруучу өлкөнүн башка шаарларында Маданий борборлордун филиалдарын түзүү маселелерин Тараптар дипломатиялык кат алышуу аркылуу жетишилген өз ара макулдашуунун негизинде жана Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык чечет.

Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү ушул Макулдашуунун жоболоруна жана Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Маданий борборлор ушул Макулдашуунун чегинен тышкаркы же Кабыл алуучу тараптын ички мыйзамдары менен тыюу салынган кандайдыр бир ишмердик менен алектенбеши керек.

Ушул Макулдашууда каралбаган маселелер Кабыл алуучу тараптын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Маданий борборлор ушул Макулдашууда каралбаган же Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык ачык тыюу салынган кандайдыр бир максатты көздөбөшү же кандайдыр бир ишмердик менен алектенбеши керек.

Маданий борборлордун персоналы Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык укук бузуу болуп эсептелген ишмердикти жүзөгө ашырган же жосун жасаган учурда алардын статусуна жана улутуна карабастан Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарында каралган юридикалык жол-жоболор колдонулат.

3-берене.

Маданий борборлор өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле Кабыл алуучу тараптын жарандары менен түз байланыштарды түзүүгө укуктуу.

4-берене.

Маданий борборлор Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактар болуп саналат.

5-берене.

Маданий борборлор төмөнкү максаттарга кызмат кылууга тийиш:

- Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоо;

- Эки өлкөнүн ортосундагы маданият, билим берүү жана илим жаатында мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

- Маданий борбор жайгашкан Тараптын мамлекетинин жарандарына Маданий борборду түзгөн өлкөнүн өзгөчөлүгү тууралуу, анын ичинде анын эли, маданияты, тарыхы, тили жана көркөм сүрөт искусствосу жөнүндө маалымдоо жана ал маалыматты жайылтуу;

- Тараптардын ортосундагы маданий кызматташтык чөйрөсүндөгү кандай болбосун башка макулдашууларга, протоколдорго, программаларга же долбоорлорго кошумча маданий макулдашууларды ишке ашырууга көмөктөшүү.

6-берене.

Маданий борборлор өз максаттарына ылайык төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзө алат:

- маданият жаатындагы маалымат менен маалыматтар банкын түзүү;

- Улуттук күндөргө арналган конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, форумдарды, ошондой эле аземдерди өткөрүү;

- маданий иш-чараларды: концерттерди, фестивалдарды, театралдык көрсөтүүлөрдү, көргөзмөлөрдү (китеп жарманкелери, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, фото көргөзмөлөр, искусство чыгармаларынын көргөзмөлөрү) өткөрүү, кино жана аудиовизуалдык материалдарды көрүү жана угуу;

- маданий алмашуу, анын ичинде чыгармачыл коомдоштуктун, жазуучулардын, окумуштуулардын, журналисттердин, коомдук ишмерлердин, студенттердин жана жаштардын визиттери менен алмашуу программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;

- жөнөтүүчү тараптын тилин жана маданиятын үйрөнүү боюнча курстарды уюштуруу, алар аяктагандан кийин мамлекеттик эмес сертификаттар берилет;

- китепканаларды, ресурстук борборлорду, көргөзмө залдарын жана маалыматтык стенддерин түзүү;

- өз жайларынын ичинде же сыртында кайрымдуулук максатында кайрымдуулук базарларын жана башка иш-чараларды уюштуруу;

- Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык өз максаттарын ишке ашыруу жана коомчулукка маалымат таратуу үчүн бардык мүмкүн болгон байланыш каражаттарын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын, гезиттерди, мезгилдүү басылмаларды, радио жана телекөрсөтүү каналдарын, Интернетти колдонуу.

7-берене.

Маданий борборлор жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде маданият чөйрөсүндө иштегендер, ошондой эле окумуштуулар, ассоциациялар, фонддор, илимий-изилдөө мекемелери, окуу жайлары жана башка уюмдар менен Тараптардын мамлекеттеринин ички мыйзамдарын милдеттүү түрдө сактоо шартында өз максаттарын ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишти уюштура алат.

8-берене.

Кабыл алуучу тарап коопсуздукка коркунуч туудурган учурларды кошпогондо, Маданий борбордун жайларына коомчулуктун эркин жана тоскоолдуксуз кирүүсүн, ошондой эле Маданий борбор тарабынан анын жайларынан тышкары уюштурулган иш-чараларга коомчулуктун эркин жана тоскоолдуксуз катышуусун камсыз кылууга милдеттүү.

Маданий борбордун, анын филиалдарынын, ошондой эле алардын персоналынын коопсуздугу Маданий борбордун талабы боюнча Кабыл алуучу тарап тарабынан камсыз кылынат. Кабыл алуучу тарап ошондой эле Маданий борбор жана анын филиалдары тарабынан алардын жайларынан тышкары уюштурулган иш-чараларга карата талаптагыдай коопсуздук чараларын көрөт.

9-берене.

Маданий борборлор коммерциялык иш менен алектенбөөгө тийиш жана мындай максатта иш-чараларды уюштурбоого тийиш.

Ошол эле убакта Маданий борборлор Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык өз максаттарына жетүү үчүн, ошондой эле өзүнүн чыгымдарын жабуу үчүн же кайрымдуулук максатында төмөнкүдөй иш менен алектене алат:

1) алардын ишине катышкандардан же алардын кызмат көрсөтүүлөрү менен пайдалангандардан акы алуу, анын ичинде маданий иш-чараларга билеттерди сатуу, китепкана жана сурап-билүү бюросунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алуу, курстарга жана экзамендерге каттоо акысын алуу;

2) сатуу Маданий борбордун өзү тарабынан жүргүзүлгөн шартта ар кандай басма жана аудиовизуалдык материалдарды сатуу, ошондой эле маданият жана фольклор предметтерин, анын ичинде китептерди, каталогдорду, мезгилдүү басылмаларды, CD/CD-ROM окуу материалдарын, плакаттарды жана колго жасалган буюмдарды сатуу;

3) өзүнүн жайларынын ичинде же андан тышкары кайрымдуулук базарларын жана ушул сыяктуу кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу.

10-берене.

Ар бир Тарап өзүнүн жеке Маданий борборунда иштөө үчүн персоналды дайындайт. Мындай персонал Жөнөтүүчү тараптын же Кабыл алуучу тараптын же үчүнчү өлкөнүн жараны болушу мүмкүн.

Маданий борборлордун директору жана директордун орун басарлары Жөнөтүүчү тараптын жарандары болууга тийиш.

Жөнөтүүчү тарап дипломатиялык каналдар аркылуу Кабыл алуучу тараптын компетенттүү органына Кабыл алуучу тараптын персоналынын эмгек ишинин башталган жана аяктаган даталары жөнүндө маалыматты берет.

11-берене.

Жөнөтүүчү тараптын жарандары болгон жана Кабыл алуучу тараптын аймагында туруктуу жашабаган Маданий борборлордун кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Жөнөтүүчү тараптын эмгек мыйзамдары жайылтылат. Маданий борборлордун башка кызматкерлерине Кабыл алуучу тараптын эмгек мыйзамдары жайылтылат.

12-берене.

Ушул Макулдашууну колдонууга жана/же чечмелөөгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаштар дипломатиялык каналдар боюнча консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салынууга тийиш.

13-берене.

Ушул Макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор ушул Макулдашуунун 14-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.

14-берене.

Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Макулдашуу беш (5) жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө ал токтотулганга же анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты (6) ай мурун билдирбесе, андан аркы ушундай мезгилге/мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.

 

2023-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында эки түп нускада, кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү жана кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылат.