Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна) |
Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун, өткөрүүнүн тартибин жана түзүмүн аныктайт.
2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза (мындан ары - экспертиза) илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти, тиешелүү илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу, илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка кесепеттерин аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн деңгээлин жана алардын натыйжаларын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүк колдонулат:
эксперттик кеңеш - илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин конкурсуна өтүнмөлөрдү эксперттик баалоо жана аткарылган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер боюнча отчетторду кабыл алуу боюнча жогорку коллегиалдуу орган.
2-глава. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизанын түзүмү
4. Экспертиза илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан илимдин багыттары (медициналык, айыл-чарбалык, социалдык-гуманитардык, табигый-илимий, техникалык) боюнча 5-7 адамдан түзүлгөн эксперттик кеңештер (мындан ары - Кеңеш) тарабынан жүргүзүлөт. Экспертизаны жүргүзүү үчүн келишимдик (контракттык) негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер, адистер, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү тартылат.
5. Кеңеш өз ишинде илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү Эксперттик кеңеш жөнүндө жобону жетекчиликке алат.
6. Экспертиза илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштерди жана улуттук/мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду (мындан ары - илимий долбоорлор) талдоо жана баалоо боюнча иш-аракеттердин төмөнкүлөр боюнча системасын билдирет:
- илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка кесепеттерин аныктоо;
- илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо;
- изилдөөлөрдүн деңгээлин жана анын натыйжаларын аныктоо.