Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 22-апрели № 78

 

Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 87-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коммерциялык эмес уюмдардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.";

2) 96-статьянын 2-пунктунда:

а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банкты, финансы-кредиттик уюмду же мекемени жоюу банктар же башка финансы-кредиттик уюмдар же мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.";

б) бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Банктык лицензияны кайра чакыртып алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында убактылуу администраторду дайындоого тийиш. Убактылуу администратор "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарга ээ.";

3) 349-статьянын 1-пунктунда "кредиттик мекеме же" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюм же мекеме," деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- жеке жак тарабынан жеке жакка процентсиз заем берүү;";