Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 152-т (2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес ооруларды профилактикалоо жана контролдоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-апрели № 152-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес ооруларды профилактикалоо жана контролдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
- Иш-чаралар планынын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 2-тиркемеге ылайык;
- Иш-чаралар планынын бюджети 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- жыл сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес ооруларды профилактикалоо жана контролдоо боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
I. ИЭОну профилактикалоонун жана контролдоонун укуктук негиздерин жана инструменттерин түзүү | ||||||
1 | ИЭОго эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүү системасын түзүү | 1.1. ИЭОго эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүү боюнча колдонмону иштеп чыгуу | 2024-жыл | ИЭОго эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүү боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө ССМдин буйругу кабыл алынды | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
1.2. ИЭОго мониторинг жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүү системасын түзүү | 2024-2025-жылдар | ИЭОну өнүктүрүү тенденциясына мониторинг жүргүзүү үчүн ИЭОго эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүү системасы иштелип чыкты | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттары | ||
II. ИЭОну баштапкы профилактикалоо | ||||||
2 | Калк арасында ИЭОнун тобокелдик факторлорунун жайылышын талдоо | 2.1. 2023-жылы жүргүзүлгөн "STEPS" изилдөөсүнүн талаа этабынын маалыматтарына талдоо жүргүзүү, ИЭО себептерин жана тобокелдик факторлорун аныктоо | 2024-жыл | ИЭО боюнча программалык иш-чараларды жана саясатты пландоо үчүн ИЭО себептери жана тобокелдик факторлору аныкталган | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттары |
3 | ИЭОну профилактикалоо боюнча билим берүү системасын өркүндөтүү | 3.1. Ден соолукту чыңдоо жана ИЭОну профилактикалоо маселелери боюнча дипломго чейинки жана дипломдон кийинки деңгээлдерде, анын ичинде медицина кызматкерлеринин арасында окутуу программаларын актуалдаштыруу | 2024-2025-жылдар | Окутуу программалары иштелип чыкты/ актуалдаштырылды | ССМ, БИМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде |
3.2. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана бекемдөөгө багытталган окутуу программаларын ишке киргизүү | 2025-2026-жылдар | Окутуу программалары ишке киргизилди | БИМ, ССМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ||
4 | ИЭОнун тобокелдик факторлору жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу | 4.1. Туз, кант, транс-майлар, тамеки жана алкоголду керектөөнү кыскартуу, калктын дене тарбиясын жогорулатуу боюнча коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу | 2024-жыл | Коммуникациялык стратегия кабыл алынды | ССМ, БИМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде |
4.2. Калк арасында ИЭОну профилактикалоо боюнча мобилдик тиркемени иштеп чыгуу | 2024-жыл | Мобилдик тиркеме иштелип чыкты жана ишке ашырылды | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттары | ||
4.3. ИЭОнун тобокелдик факторлору боюнча социалдык жарнаманы даярдоо жана жайгаштыруу | 2024-2025-жылдар | Социалдык жарнама үзгүлтүксүз жүргүзүлөт | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттары | ||
4.4. ИЭОнун тобокелдик факторлору боюнча социалдык жарнаманы трансляциялоо | 2024-2025-жылдар | Социалдык жарнама үзгүлтүксүз жүргүзүлөт | ММСЖСМ | ММСЖСМдин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
III. ИЭОну экинчи деңгээлде профилактикалоо | ||||||
5 | Кардиометаболикалык тобокелдикти баалоо жана азайтуу | 5.1. Кардиометаболикалык тобокелдиктер маселелери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардамдын потенциалын чыңдоо | 2024-2026-жылдар | Ооруларды эрте стадияда аныктоо жана коррекциялоо жогорулатылды | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
5.2. Жүрөк кан-тамыр ооруларынын жалпы тобокелдиги чектелген деңгээлден жогору болгон адамда инфаркт менен инсультту профилактикалоо үчүн дары-дармектерди жана консультацияларды (анын ичинде гликемиялык контролду) алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кардиометаболикалык тобокелдиктерди камтууну жана сапатын контролдоону жогорулатуу | 2024-2026-жылдар | Артериялык кан басымынын деңгээлин жана гликемиялык индексин контролдогон бейтаптардын саны көбөйдү | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
5.3. Инфаркттан жана инсульттан кийинки экинчи деңгээлде профилактикалоо жана реабилитациянын сапатын жана камтуу фараларын жогорулатуу | 2024-2026-жылдар | Кант диабети, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын негизинде пайда болгон оор кесепеттерин азайтуу | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттары | ||
6 | Жатын моюнчасынын рак (ЖМР) жана эмчек бездеринин рак (ЭБР) ооруларына скрининг жүргүзүү жана эрте аныктоо | 6.1. Пилоттук райондордо ЖМР жана ЭБР ооруларына скрининг жүргүзүүнүн жана эрте аныктоонун киргизилишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү | 2024-2026-жылдар | Саламаттык сактоо уюмдары үчүн сунуштарды иштеп чыгуу менен ЖМР жана ЭБР ооруларына скрининг жүргүзүү жана эрте аныктоо тууралуу аналитикалык отчет | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттары |
6.2. ЖМР жана ЭБР ооруларына скрининг жүргүзүү жана профилактикалоо боюнча клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-2026-жылдар | Клиникалык протоколдор иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
IV. Тамекиге каршы күрөшүү чараларын күчөтүү | ||||||
7 | "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 7.1. КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2024-жыл | Мыйзам кабыл алынды | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде |
7.2. "Тамекиге жана никотинге көз карандылыктын жайылышын профилактикалоо жана азайтуу" медициналык маалыматтык регламентинин долбоорун иштеп чыгуу | 2024-жыл | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
7.3. Суу түтүгүн чегүүнүн, ысытылуучу тамекиси бар буюмдардын жана тамекини ысытуу үчүн системалардын, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларынын (анын ичинде электрондук тамекинин) жана алар үчүн эритиндилердин зыяндуулугу жөнүндө эскертүүлөрдү чаптоо тизмегин жана параметрлерин иштеп чыгуу | 2024-жыл | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ССМ | ССМдин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
7.4. Насвай өндүрүүдө колдонулуучу тамекини өстүрүү үчүн багытталган айдоо аянттарын кыскартууга жана пайдалуу айыл чарба өсүмдүктөрүнө өтүүгө дем берүү механизмин киргизүү | 2024-2025-жылдар | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | САЧКӨМ | ССМ бекитилген бюджетинин алкагында | ||
8 | Жаштар арасында тамеки колдонуунун жайылышын талдоо | 8.1. Жаштар арасында тамеки колдонуунун жайылышына мониторинг жүргүзүү үчүн "GYTS" изилдөөсүн жүргүзүү | 2025-2026-жылдар | Жаштар арасында тамекинин жайылышы тууралуу отчет | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ССМ бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары |
8.2. Жаштар арасында тамеки жана никотин камтыган буюмдарды керектөөнү төмөндөтүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | 2025-жыл | Планды бекитүү жөнүндө ССМ буйругу | ССМ | ССМ бекитилген бюджетинин алкагында | ||
V. Тамактануу менен байланышкан оорулардын таралышын төмөндөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | ||||||
9 | Туура эмес тамактануу факторлорун талдоо | 9.1. Балдар арасында семирүүнүн себептерине жана факторлоруна "COSI" изилдөөсүн жүргүзүү | 2024-жыл | Балдар арасында семирүүнүн себептери жана факторлору жөнүндө отчет жана балдар арасындагы семирүүнүн алдын алуу боюнча иш-чаралар планы | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ССМ бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары |
10 | Болгон азыктардын негизинде туура тамактануунун улуттук жетектөөчү принциптерин иштеп чыгуу | 10.1. Туура тамактануунун улуттук жетектөөчү принциптерин иштеп чыгуу үчүн болгон тамак-аш азыктарына талдоо жүргүзүү | 2024-жыл | Биргелешкен буйрук менен болгон азыктардын негизинде туура тамактануунун улуттук жетектөөчү принциптери иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, САЧКӨМ, БИМ, ФАО (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары |
10.2. Кыргыз Республикасынын калкынын тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерин кайра карап чыгуу | 2024-жыл | Тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине сунуштамалар кайра каралды жана толукталды, ССМ буйругу менен бекитилди | ССМ | ССМ бекитилген бюджетинин алкагында | ||
11 | Калк арасында тузду, кантты, трансмайларды керектөөнү кыскартуу | 11.1. Тамак-аш азыктарын түстүү маркалоо боюнча улуттук стандартты иштеп чыгуу | 2025-жыл | Улуттук стандарт иштелип чыкты | ССМ | ССМ бекитилген бюджетинин алкагында |
11.2. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан улуттук стандартты бекитүү | 2025-жыл | Улуттук стандарт бекитилди | ЭКМ | ЭКМ бекитилген бюджетинин алкагында | ||
11.3. Тамак-аш азыктарынын курамында канттын, туздун, каныккан май кислоталарынын камтылышы көрсөтмөсү боюнча "Маркалоо бөлүгүндө тамак-аш азыктары" ББ ТР 022/2011 өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ЕЭК менен иштөө | 2025-2026-жылдар | Зыяндуу ингредиенттердин камтылышына тамак-аш азыктарын маркалоо боюнча ЧУА кабыл алынды | ССМ | ССМ бекитилген бюджетинин алкагында | ||
11.4. Тузду керектөөнү кыскартуу боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыгуу | 2024-жыл | Тузду колдонууну кыскартуу боюнча Иш-аракеттер планы кабыл алынды | ССМ, САЧКӨМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
12 | Калк арасында алкоголду, энергетикалык жана сергитүүчү суусундуктарды керектөөнү кыскартуу | 12.1. Алкоголдук продукциялардын, энергетикалык жана сергитүүчү суусундуктардын маркетингин чектөө боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | 2025-жыл | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ССМ | ССМ бекитилген бюджетинин алкаганда |
VI. Абанын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар | ||||||
13 | Абанын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар | 13.1. Жабык жайларда абанын сапатына мониторинг жүргүзүү (саламаттыкты сактоо уюмдарынын, балдардын билим берүү уюмдарынын, административдик жайлардын ж.б. жабык жайлары) | 2024-2025-жылдар | Баалоонун натыйжаларын жана сунуштарды берүү менен талдоо жүргүзүлдү | ССМ, БИМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары |
13.2. Атмосфералык абанын сапатын жана анын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин баалоону жүргүзүү (Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун мисалында) | 2024-2026-жылдар | Баалоонун жыйынтыгы боюнча калкты булганган атмосфералык абадан коргоо боюнча сунуштар иштелип чыккан | ССМ, ӨКМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары | ||