КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-июну № 311
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы транспорттук-логистикалык жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы транспорттук-логистикалык жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү транспорттук-логистикалык жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өзүнүн ишине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн жана консультанттарды тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-июну № 311
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 23-апрелиндеги N 222 тескемесинин редакциясына ылайык)