Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги Xсессиясы
2023-жылдын 13-февралы № 05
Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга аткарылышын, 2023-жылга бюджеттин түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү жөнүндө
(Токтогул шаардык кеңешинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун отчетун, ФЭБнүн башчысы Н.Кулузакованын маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 75423,8 миң сомго (атайын каражаттарды кошкондо) аткарылгандыгы белгиленсин (1-Тиркеме).
Анын ичинен: Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар 57955,0 миң сом, атайын каражаттар 11097,1 миң сом, башка булактардан которуу жолу менен -6184,6 миң сом;
2. Чыгаша бөлүгү жалпы 63193,4 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджет
51712,2 миң сом, атайын каражат 11481,7 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин (2-Тиркеме).
3. Такталган план боюнча 2022-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгү 70892,1 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
4. 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жактырылсын, 2023-жылга Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу жалпысынан 69656,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (3-Тиркеме).
Анын ичинен төмөндөгүлөр эске алынсын:
Атайын каражат – 12 450,0 миң сом;
Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар – 57 206,0 миң сом;
5. 2023-жылдын чыгаша бөлүгү ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бекитилсин.
6. Жогоруда бекитилген акча каражаттарын чыгымдоо багыттары ушул токтомдун 5-тиркемесинде ачыкталып берилгендиги белгиленсин, 4-5-Тиркемелер так аткарууга алынсын.
7. Токтогул шаардык мэриясынын 1% резервдик фондунун жалпы көлөмү 565,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын түзүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын топтолушун катуу көзөмөлгө алуу, бекитилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүнгөн багыттарга, максаттуу пайдалануу түздөн-түз шаар мэринин (С.Т.Кылданов) жана ФЭБ башчысынын (Н.Кулузакова) жоопкерчилигинде экендиги баса белгиленсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.
10. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
11. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
12. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Т. Тулекеева |
| Токтогул шаардык мэриясынын киреше бөлүгүнүн аткарылышынын анализи 2022-жылдын 12 айына |
| |||||
|
|
|
|
| Тиркеме 1 | ||
№ | Киреше булактары | 2022-жылга бекитилген план
(миң сом) | 2022-жылдын 12 айына тактал ган план (миң сом) | Фактичес.аткарыл. (мин сом) 2022-жыл 12 ай (миң сом) | Айырма (+,-) (миң сом) | 12 ай такталган планга салыш тырма % | |
1 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 32540,0 | 40040,0 | 43331,9 | 10791,9 | 108,2 | |
2 | Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык | 85,5 | 985,5 | 1782,0 | 1696,5 | 180,8 | |
3 | Патенттин негизинде алынуучу салык | 7456,2 | 6384,8 | 6901,4 | -554,8 | 108,1 | |
5 | Кыймылсыз мүлккө салык | 129,0 | 129,0 | 150,0 | 21,0 | 116,2 | |
6 | Транспорттук каражаттарына салык | 1876,0 | 1876,0 | 2100,1 | 224,1 | 111,9 | |
8 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 950,0 | 950,0 | 1014,5 | 64,5 | 106,8 | |
9 | Айыл чарбасына багытталган жер салыгы |
|
| 21,4 | 21,4 |
| |
10 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 1750,0 | 1750,0 | 1977,7 | 227,7 | 113 | |
11 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 500,0 | 500,0 | 676,0 | 176,0 | 135,2 | |
| Баардыгы | 45286,7 | 52615,3 | 57955,0 | 12668,3 | 110,2 | |
12 | Жер сатуудан | 0,0 | 0,0 | 89,6 | 89,6 |
| |
13 | Жүк ташуучу машина сатуудан | 0,0 | 0,0 | 97,5 | 97,5 |
| |
14 | Баардыгы |
|
|
| 12855,4 |
| |
15 | Республикадан берилүүчү каражат (средства передаваемые) эк.ст.айлык акы585,6 миң сом, 3477,4 миң сом (жогорулаган айырма), 2121,6 миң сом эл.энер.компенс. |
| 6184,6 | 6184,6 |
| 100 | |
16 | Атайын каражаттар (аппарат мэрия, балдар бакчалары) | 9237,8 | 12092,2 | 11097,1 | -995,1 | 100 | |
| Жалпы киреше | 54524,5 | 70892,1 | 75423,8 | 0,0107,9 |
| |
|
|
|
|
|
|
| |
|
Төраганын орун басары: |
| А.Т.Тулекеева | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|