Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 23-апрели № 191

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларга байкоо жүргүзүү механизминин Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүн камсыз кылуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 177 токтомунун редакциясына ылайык)

2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде жүк ташууларга байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. 2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде жүк ташууларга байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу контролдоочу органдар болуп төмөнкүлөр аныкталсын:

бажы транзитинин бажы жол-жобосунда жана экспорттун бажы жол-жобосунда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара сооданын алкагында товарларды алып өтүүдө - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.

11. Бажы транзитинин бажы жол-жобосунда жана экспорттун бажы жол-жобосунда Кыргыз Республикасынын аймагында навигациялык пломбаларды коюу же алып салуу жерлери катары бажы контролунун зоналары аныкталсын.

12. Кыргыз Республикасынын аймагында ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жүргүзүүдө навигациялык пломбаны коюу жерлери катары төмөнкүлөр аныкталсын:

1) автомобиль транспорту менен ташууларда - мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттары: Чүй облусунун Панфилов району ("Чалдыбар автожолу"), Чүй облусунун Аламүдүн району ("Ак-Жол автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата району ("Ак-Тилек автожолу"), Талас облусунун Манас району "(Чоң-Капка автожолу"), Ысык-Көл облусунун Түп району ("Каркыра автожолу");

2) темир жол транспорту менен ташууларда - Бишкек-1, Аламүдүн, Балыкчы, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант, Токмок темир жол станцияларынын кириш жолдорунда вагондорду жүктөөдө.

13. Кыргыз Республикасынын аймагында ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жүргүзүүдө навигациялык пломбаны алып салуу жерлери катары төмөнкүлөр аныкталсын:

1) автомобиль транспорту менен ташууларда - алуучунун аймагы;

2) темир жол транспорту менен ташууларда - Бишкек-1, Аламүдүн, Балыкчы, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант, Токмок темир жол станцияларынын кириш жолдорунда вагондорду түшүрүүдө.";

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 177 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашуу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын органдарынын кабыл алынган чечимдеринин ченемдерине ылайык Навигациялык пломбаларды колдонуу менен Евразия экономикалык бирлигинде ташууларга байкоо жүргүзүү механизминин Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүн камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобону биргелешкен ички чечим менен бекитсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 177 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров