Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна)

ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө НУСКАМА

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Нускама ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартибин аныктайт.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү актысы менен аныкталат.

2. Ушул Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система;

2) анкета-арыз - арыз ээсинин жеке маалыматтарын камтыган, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жана/же Калкты тейлөө борборунун же болбосо чет өлкөлүк мекеменин кызматкерлери тарабынан АМС аркылуу электрондук түрдө таризделүүчү документ, анда 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт берүү жөнүндө ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгон учурда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүч каты камтылышы мүмкүн;

3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объектиси болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар жөнүндө, миграциянын масштабы жана багыты жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо, ошондой эле бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирип эсепке алуучу система;

4) чет өлкөлүк мекеме - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриясы (бөлүмдөр) жана консулдук мекемеси;

5) талап кылынбаган паспорттор - жекелештирилген күндөн тартып 1 жылдын ичинде арыз ээси алып кетүү үчүн келбеген ушул Нускама менен белгиленген тартипте жекелештирилген улуттук паспорттор;

6) ата-эненин биринин жоктугу - ата-эненин бирин ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу, ата-эненин биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу, ата-эненин биринин эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөсү, ата-эненин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин болушу, ата-эненин биринин издөөдө болушу;

7) ведомстволук бөлүм - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү;

8) паспортторду бузуу - паспорттогу жазуулардын, ээсинин фотосүрөтүнүн, машинада окулуучу маалыматтардын жана паспорттун башка маанилүү элементтеринин тактыгына таасир этүүчү бардык механикалык бузуктар, ошондой эле анын бүтүндүгүн бузуу;

9) даярдоочу ишкана - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган, ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишкана;

10) аймактык бөлүмдөр - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жана жекелештирилген ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду берүүнү ишке ашыруучу аймактык бөлүмдөрү;

11) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;

12) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;

13) калкты тейлөө борборлору (мындан ары - КТБ) - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мамлекеттик ишкананын ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту алууга документтерди кабыл алууну жана аларды берүүнү жүзөгө ашырган аймактык бөлүмдөрү;

14) чип - ID-картага жана жалпы жарандык паспортко киргизилген, арыз ээсинин жеке жана биометриялык маалыматтарын жазууга, иштеп чыгууга жана сактоого мүмкүндүк берген сандык интегралдык процессор (электрондук микросхема);

15) электрондук колтамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка туташтырылган жана (же) аны менен логикалык байланышта болот жана маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулат;

16) форс-мажордук жагдайлар - ID-картаны же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө документтерди жеткирүүгө жана шашылыш текшерүү жүргүзүүгө, ошондой эле аларды тез арада берүүгө толук же жарым-жартылай мүмкүн болбогон ал жеткис күчтүн таасири, табигый мүнөздөгү (өрт, жер титирөө, сел, суу ташкыны, кар көчкү, бороон), эпидемиологиялык мүнөздөгү кубулуштар жана аскердик аракеттер.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн арналган жана чет мамлекеттин аймагында жана тилинде түзүлгөн документтер, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырууну жүзөгө ашыруунун зарылдыгы менен шартталса, легалдаштырылууга тийиш.

4. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө жана жекелештирүүгө документтерди кабыл алуу арыз ээсинин жашаган жана турган жерине карабастан, арыз берүүчүнүн жеке катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсин КБМРде каттоо эсеби жөнүндө же консулдук каттоо жөнүндө маалымат болгондо, бардык аймактык бөлүмдөрдө жана/же КТБда же чет өлкөлүк мекемелерде жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө боюнча аймактык бөлүмдөрдүн функциялары ыйгарым укуктуу органдын башка мекемелерине жана ишканаларына тапшырылышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жекелештирилгенден кийин ID-картанын образы санариптик форматта автоматтык режимде түзүлөт, мында санариптик паспорт юридикалык күчкө ээ жана материалдык алып жүрүүчүдөгү 2024-жылдын үлгүсүндөгү ID-картага барабар болуп саналат.

Санариптик форматтагы ID-картанын сыпаттамасы, үлгүсү жана аны түзүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

6. Жарандын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө документтерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана/же КТБнын кызматкерлери тарабынан арыз ээсинин жашаган жеринин дареги боюнча акы төлөнүүчү жана акысыз негизде баруу менен ушул Нускаманын 7-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

7. Барууга байланышкан транспорттук чыгымдар төмөнкүдөй категориядагы адамдар кайрылган учурларда даярдоочу ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;

2) карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар;

3) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

4) жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;

5) жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткандар ошол мекемелердин администрацияларынын өтүнүчүнүн негизинде;

6) айыпталуучу жана шектүү катары камакта кармоо жайларында кармалгандар, кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон органдын өтүнүчүнүн негизинде.

Ушул пункттун 5, 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга ID-карталарды тариздөөгө документтерди кабыл алууда аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкерлеринин коопсуздугу жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана камакта кармоочу жайлардын жетекчилери тарабынан камсыз кылынат.

8. Документтерди тариздөө, текшерүү, ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө анкета-арызды жиберүү жана даярдалган ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту берүү аймактык бөлүмдөр жана/же КТБ, чет өлкөлүк мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат.

9. Арыз ээси ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээси көрсөткөн дарек боюнча почта байланыш кызматы аркылуу алууга укуктуу. Почта байланышы менен жеткирүүнүн географиясы, шарттары, тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

10. Анкета-арыздын формасын жана аны толтуруу тартибин ыйгарым укуктуу орган бекитет.

11. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн мамлекеттик алымды, чыгымдарды төлөө (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт), ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте жекелештирүү учурларынан тышкары, арыз ээси тарабынан анкета-арыз берилген күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ID-карталарды тариздөө жана жекелештирүү үчүн төлөмдүн ырасталышы АМСте көрсөтүлөт.

Төлөм ырасталбаган учурда ID-карта жана жалпы жарандык паспорт жекелештирилбейт, ал эми электрондук анкета-арыз кабыл алынган жок деп саналат жана АМСтен алып салынат.

ID-карта жана жалпы жарандык паспорт чет өлкөлүк мекемелер аркылуу таризделген учурда консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча каражаттар алынат.

12. 16 жашка толгон арыз ээси ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту алууга документтерди бир убакта берүүгө укуктуу.

Арыз ээси 34 барактуу же 50 барактуу жалпы жарандык паспортту тандоого укуктуу.

13. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту алуу үчүн жеке идентификациялык номердин болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

14. Көрүүсү начар адамдар ID-картаны алууга документтерди берүүдө ID-картага Брайл шрифти менен тактилдик текст түшүрүү жөнүндө каалоосун билдире алат.

15. Жекелештирилген ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жеткирүү чапталган конвертте атайын/почта байланыш каналдары аркылуу, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

16. Чиптеги маалыматтарды окууга мүмкүн эместик ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жараксыз деп таануу үчүн негиз болбойт.

17. Таап алынган ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, ведомстволук бөлүмгө, аймактык бөлүмдөргө же КТБларга, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - чет өлкөдөгү мекемелерге өткөрүп берилүүгө тийиш.

18. Кыргыз Республикасынын жарандары никеге турууда же аны бузууда жубайлардын фамилиясын өзгөртүү; фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү, жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү учурлары келип чыккан күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен аймактык бөлүмдөргө жана/же КТБга кайрылууга милдеттүү.

19. Жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) анкета-арызды толтурууда жаран каалоосу боюнча "Фамилиясы" жана "Аты" графаларында фамилиясын жана атын кыргыз жана орус тилдеринин белгилеринин транслитерация эрежелеринен айырмаланган англис алфавитинин тамгалары менен жазууну көрсөтүүгө укуктуу.