Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 2-сентябры № 161

Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнү оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бул Жобо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Калкты каттоо департаментинин жана анын аймактык органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап туруу үчүн убактылуу же туруктуу уруксаттарды (мындан ары - жашап туруу үчүн уруксат) берүүгө арыздарды кабыл алуу, тариздөө, берүү жана жокко чыгаруу боюнча ишинин тартибин белгилейт";

- 2-пунктунун биринчи абзацындагы "Департаменттин аймактык органдарына" деген сөздөр "Департаментке же анын аймактык органдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Жашап турууга туруктуу жана убактылуу уруксаттарды берүү Департаментте же Департаменттин аймактык органдарында жүргүзүлөт.

Арыз ээси жашап турууга туруктуу уруксатты алуудан баш тартуу жөнүндө кайрылган учурда Департамент же Департаменттин аймактык органдары жашап турууга убактылуу уруксатты берет.";

- 22-пунктундагы "Департаменттин аймактык органдарына" деген сөздөр "Департаментке же анын аймактык органдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын";

- 24-пунктундагы "Департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр "Департамент же анын аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 27-пунктундагы "Департаментте" деген сөз "Департаментте же анын аймактык органдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун 9-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- укук коргоо органдарынын акыркы чечиминин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

- 7-пунктундагы:

"а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби;";

"б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби.".

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

У. Марипов