КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-апрели № 07
Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата СЭӨП аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2024-жылга карата СЭӨП планын бекитүү жөнүндө
(Кара-Балта шардык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновдун “Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү программасынын жыйынтыгы жана Кара-Балта шаарынын 2024-ж., социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө” отчетун угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновдун “Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү программасынын жыйынтыгы жөнүндө отчету эске алынсын (1-тиркеме).
2. (Кара-Балта шардык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |