Документке
Мурунку26.05.2022

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 токтомуна тиркеме

Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө ЖОБО

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына жана жер укук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Жобо Бишкек шаарынын аймагында жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү (мындан ары - узартуу), муниципалдык менчикте турган жер участокторго пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө (мындан ары - өткөрүп берүү), анын ичинде күрөөгө коюуга жана токтотууга макулдук берүү маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартибин белгилейт.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануу укуктарын узартуу, өткөрүп берүү жана токтотуу ушул жободо белгиленген тартипте жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

Жаңы25.04.2023

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 токтомуна тиркеме

Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө ЖОБО

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34,  2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83

токтомдорунун редакциясына ылайык)