| Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги №198/33-5 токтомуна тиркеме |
2024-жылга Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарын өнүктүрүү боюнча
иш-чаралар планы
№ | Иш-чаралар | Милдеттер | Суммасы | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (индикаторлор) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Асфальт-бетон чыгаруучу ишкана куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Асфальт-бетон аралашмаларын чыгаруучу жаңы ишкана куруу
| 60,0 млн. сом | 2024-жыл | Стационардык завод керектөөлөргө жараша саатына 100 тоннага чейин өндүрүштүк кубаттуулукту камсыздайт. 20-30 жаңы жумуш оруну түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
2 | Таш майдалоочу цех куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Таш майдалоочу цех куруу | 25,0 млн. сом | 2024-жыл | Таш майдалоочу цех курулду. 8 жаңы жумуш оруну түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
3 | Бетон завод куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Бетон заводун куруу | 20,0 млн. сом | 2024-жыл | Бетон плиталарын, ирригация лотокторун чыгаруу өндүрүш түзүлдү. 15 жаңы жумуш оруну түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
4 | Жол белгилерин жасоочу цех куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Жол белгилерин жасоочу цех куруу | 9,0 млн. сом | 2024-жыл | Шаардын коопсуздугунун деңгээли жакшырды. 3 жаңы жумуш оруну түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
5 | Атайын унаа техникаларын сатып алуу | Техникалык спецификацияны иштеп чыгуу. Техника сатып алуу | 132,0 млн. сом | 2024-жыл | Шаар жолдорун оӊдоо иштерин жүргүзүү үчүн техника алынды. Муниципалдык ишканалардын базасы күчөтүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
6 | Токмок шаарында республикалык маанидеги Бишкек–Нарын–Торугарт стратегиялык автожолунун боюна логистикалык борбор куруу | Республикалык маанидеги Бишкек–Нарын–Торугарт стратегиялык автожолунун боюна (Советская көч. жайгашкан “Газпром” ЖЧКнын мандайына) логистикалык борбор куруу | 80,0 млн. сом | 2024-жыл | Сактоо үчүн кампа ангарлары курулду. Автомобилдер үчүн 500дөн ашык токтоочу жай, жүк ташуучу автомобилдер үчүн 200 жай түзүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
7 | Токмок шаарынын борбордук базарын реконструкциялоо
| Токмок шаарынын базар аймагын реконструкциялоо, сатуучулардын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 70,0 млн. сом | 2024-жыл | Төмөнкүлөр түзүлдү: – заманбап инфраструктурасы бар инженердик коммуникациялар менен камсыздалган (дренаж, ирригация) 128 соода павильону (2,3х5,9 м); – коомдук транспорт үчүн алуу жана түшүрүү аянтчалары; –50 орундуу парковка | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
8 | Токмок шаарынын мал базарын жакшыртууга ссудаларды бөлүп берүү | Мал базарда курулуш жана оңдоо иштерин жүргүзүү | 20,0 млн. сом | 2024-жыл | Төмөнкүлөр жүзөгө ашырылды: –мал базарды абаттоо; –чатыр, эстакада куруу; –бетон төшөө, кум жана шагыл төгүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, мал базардын ээси |
9 | Токмок Жылуулук муниципалдык ишканасынын модернизациялоо | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. № 1 жана № 2 жылуулук алмаштыруу пункттарын жылдыруу | 35,0 млн. сом | 2024-жыл | Буу жоготуулар 20% азайды. Калк сарамжалдуу жылуулук менен камсыз кылынды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок Жылуулук МИ |
10 | Бишкек–Нарын–Торугарт айланма жолуна туристтик комплекс куруу
| Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Туристтик комплекс куруу | 30,0 млн. сом | 2024-жыл | Шаар тургундары жана туристтер үчүн шарттар түзүлдү. Кафелер, эс алуу зоналары, унаа токтоочу жайлар курулуп, жашыл аянтчалар отургузулду. 10 жаңы жумуш оруну түзүлдү. | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
11 | Жолдорду оңдоо (өнөр жай зонасында өнөр жай ишканаларына жана шаардын ички жолдоруна инфраструктуралык шарттарды түзүү) | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Жолдорду оңдоо жана куруу
| 216,0 млн. сом
| 2024-жыл | Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугунун деңгээли жогорулатылды. Коомдук транспорттун иши жакшыртылды. Өнөр жай зонасында жолдор оңдолду, өнөр жай ишканалары үчүн инфраструктуралык шарттар түзүлдү. Шаардын жолдору оңдолду | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
12 | Токмок шаарында бала бакча куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Токмок шаары, Дружба көчөсү, 50 дарегинде бала бакча куруу
| 150,0 млн. сом | 2024-жыл | 30 жаңы жумуш оруну түзүлдү. 200 баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу үчүн шарттар камсыз кылынды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
13 | Көп функциялуу стадион куруу
| Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо. Стадиондун аренасын, кийим алмаштыруучу жайларды, трибуналарды, коомдук дааратканаларды куруу, үн жабдууларын, видео байкоо жана жарыктандыруу орнотуу | 70,0 млн. сом | 2024-жыл | Төмөнкүлөр үчүн шарттар түзүлдү: – спортчуларды машыктыруу; – мелдештердин ар түрүн жана шаардык иш-чараларды өткөрүү. Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү камсыз кылынды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
14 | Токмок шаарынын 3-кичи районунда парк куруу | Шаардын түштүк бөлүгүндө 4 эс алуу зонасына бөлүү менен, жашыл бак-дарактарды отургузуу жана 1916-жылдагы окуяларга арналган эстелик стелаларды жайгаштыруу менен тематикалык (улуттук колоритте) парк куруу | 50,0 млн. сом | 2024-жыл | Шаар тургундары үчүн массалык, активдүү эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча шарттар түзүлдү жана кызматтардын комплекси көрсөтүлдү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
15 | С. Ибраимов көчөсүндө Жаштар аллеясын куруу (Киров көчөсүнөн тартып “Брент” май куюучу станциясына чейин) | Жаштар аллеясын орнотуу менен коллектордук-дренаждык тармактын эски нугун калыбына келтирүү | 33,0 млн. сом | 2024-жыл | Шаардын көчөлөрүн көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Коллектордук-дренаждык тармактын эски нугу калыбына келтирилди | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Токмок ш. мэриясы, Токмок ш. ММБсы |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
| 1 000,0 млн. сом |
|
|
|
|