Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 57/XV-28
Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө
“Тушум-Булагы” ЖЧКнын жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө арызын карап, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №1836-V токтомунун негизинде, “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө " жобосунун 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25 беренесинин 1 пунктуна жана 7 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын " Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"," Мыйзамына ылайык, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 26.10.2010ж. № 2820 ТЕ жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясын жана айылдык кеңештин чеимин эске алып.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан колдонууга 26.10.2010ж. берилген № 2820 ТЕ лицензиясы менен бекитилген координаттарына ылайык, курулуш кумун жүргүзүү үчүн жалпы аянты 4,3 га жер участогун убактылуу пайдаланууга берилсин.
2.Ысык- Ата райондук кыймылсыз мүлкүн убактылуу пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каттатуу жагы суралсын.
3.”Тушум-Булагы” ЖЧКсы айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин түзүүгө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Д. Усупов |