Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 токтомуна) |
Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо
эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор.
Эксплуатациялык документтер
1. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт жана уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан аттракциондордун ээлеринин (эксплуатанттарынын) сактоосу үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Бул Эрежелер убактылуу орнотулган (ташылуучу) аттракциондорго жана стационардык аттракциондорго (пайдубалдарда же пайдубалдарсыз чогултулган) карата жайылтылат, аларды пайдаланууда жүргүнчүлөргө КВ-1 же КВ-2 же КВ-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы биомеханикалык таасир этилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аттракциондор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- механизациялаштырылган умтулма кыймылдагы аттракциондор (анын ичинде сууну пайдалануу менен);
- механизациялаштырылган айлануу кыймылындагы аттракциондор;
- механизациялаштырылган татаал кыймылдагы аттракциондор;
- автодромдор жана картингдер;
- механизациялаштырылган жана механизациялаштырылбаган суу аттракциондору;
- механизациялаштырылбаган аттракциондор;
- үйлөмө аттракциондор;
- балдар үчүн аттракциондор.
Аттракциондордун түрлөрү жана типтери ушул токтомдун 1-тиркемесинде берилген.
RB-1, RB-2 жана RB-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы аттракциондордун жүргүнчүлөрүнө биомеханикалык таасирлердин түрлөрү жана жүргүнчү отургучтарынын жантаюусунун түрлөрү ушул токтомдун 2-тиркемесинде берилген.
RB биомеханикалык тобокелдик даражалары адамдар бийиктиктен кулаганда алган жаракаттарынын кесепеттери тууралуу статистикалык маалыматтар менен негизделген.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул Эрежелер RB-4 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин эң эле төмөнкү даражасындагы аттракциондорго, механизациялаштырылбаган аттракциондорго (жылгаяктар, селкинчектер), үйлөмө аттракциондорго, жетондор, магниттик карталар ж.б. менен иштеген, экиден ашык бала батпаган балдардын оюн-зоок жабдууларына, жаныбарлар пайдаланылган аттракциондорго, спорттук жана машыгуу жабдууларына, ошондой эле жеке жана (же) үй-бүлөлүк муктаждыктар үчүн гана пайдаланылуучу жабдууларга колдонулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Эрежелерди колдонуу максатында Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) "Атракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде (мындан ары - ЕАЭБ ТР 038/2016), МАМСТ 33807-2016 мамлекеттер аралык стандартында белгиленген маанилердеги терминдер жана алардын аныктамалары, ошондой эле башка зарыл терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
аттракцион - биомеханикалык таасирлерди кошкондо, кыймыл убагында жүргүнчүлөрдүн көңүл ачуусу үчүн арналган жабдуу;
механизациялаштырылбаган суу аттракциону - аквапарктар, бассейндер жана көлмөлөр үчүн сууну пайдалануу менен аттракцион;
балдар үчүн аттракцион - балдардын көңүл ачуусу үчүн атайын долбоорлонгон аттракцион;
механизациялаштырылган аттракцион - адамдын булчуң энергиясын кошпогондо, ар кандай түрдөгү энергияны колдонуу аркылуу жүргүнчүлөрдү берилген траектория боюнча же чектелген мейкиндиктин чегинде жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылган айлануу кыймылындагы аттракцион - жүргүнчү модулдарын артыкчылыктуу айлануу (айландыруу жана (же) терметүү жолу менен), анын ичинде татаал кыймыл менен жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылган умтулма кыймылдагы аттракцион - жүргүнчү модулдарын артыкчылыктуу багыттоочулар боюнча умтултуп жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылган татаал кыймылдагы аттракцион - жүргүнчү модулдарын татаал траектория боюнча же жүргүнчүлөргө көрсөтүлгөн сүрөт менен айкалыштырып жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылбаган аттракцион - жүргүнчүлөр адамдын (адамдардын) энергиясынын жана (же) тартылуу күчү менен гана кыймылдай турган аттракцион;
аттракциондук комплекс - аттракциондор жана аларга тиешелүү жабдуулар орнотулган ачык аянт же жабык жай (башкаруу кабинасы, тосмолор, бөлүштүрүүчү щит ж.б.);
биомеханикалык таасир - жүргүнчүлөрдү жылдыруу менен байланышкан күчтөрдүн аларга таасир этүүсү;
аттракционду эксплуатацияга берүү - ушул Эрежелердин талаптарына шайкештигин баалоонун зарыл болгон жол-жоболорунан өткөндөн кийин аттракциондун жүргүнчүлөр менен иштөөсүнүн башталышы;
аттракциондордун түрлөрү - бир түрдүү иштөө принцибине же бир түрдүү функциялардын жыйындысына ээ болгон бир нече типтеги аттракциондордун жыйындысы;
суу менен түз жана ийри сыйгаланып түшүү (суу менен сыйгаланып түшүү) - жүргүнчү тартылуу күчүнүн таасири астында эркин же түшүү үчүн көмөкчү каражаттар менен түшүүчү жана анда суу жүргүнчүнүн сүрүлүүсүн азайтуучу жана бассейнде, атайын кабыл алуучу түзүлүштө же табигый көлмөнүн жабдылган бөлүгүндө токтотууну жана токтоосун камсыз кылуучу чөйрө катары пайдаланылган бети тайгалак жантайыңкы аттракцион;
аттракциондордун көмөкчү түзүлүштөрү - аттракциондор менен бирге колдонулуучу декорациялар жана жасалгалоо элементтери, тосмолор, иллюминациялар, чатырлар, навестер, коргоочу экрандар, павильондор;
түшүү үчүн көмөкчү каражаттар - жүргүнчүнүн сыйрылуу, көгөрүү жана башка ден соолугуна зыян келүү тобокелдиктерин азайтуу, кыймылдын ыңгайлуулугун жогорулатуу жана кошумча көңүл ачуу эффектин алуу үчүн суу менен сыйгаланып түшүүдө колдонулуучу килемчелер, рафттар ж.б.;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин жогорку даражасы (RB-1) - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) өмүрүнө коркунуч туудурган зыян келүү ыктымалдыгы;
балдар - бою 90дон 160 см чейинки (2ден 14 жашка чейинки курактагы) келүүчүлөр, анын ичинде жүргүнчүлөр;
коргоочу түзүлүш - иштеп кетүүсү аттракционду жол берилбеген пайдаланууда кооптуу кырдаалдын алдын ала турган түзүлүш;
жылуудагы тобокелдик зоналары - конструкциялар же бөтөн предметтер тийген учурда жүргүнчүлөргө ар кандай оордук даражасындагы зыян келиши мүмкүн болгон жылып бара жаткан жүргүнчүлөрдүн денелеринин айланасындагы зоналар;
аттракционду консервациялоо - жабдуу эксплуатацияланбай турган белгилүү бир мезгилге аттракциондун жабдууларынын жана анын мүнөздөмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылууга багытталган чаралардын жыйындысы; бул чаралар татаал аттракциондорго жана аттракциондук комплекстерге салыштырганда аттракциондун айрым модулдук же блоктук конструкцияларын демонтаждоону камтышы мүмкүн;
коопсуздук контуру - конструкциялардын кыймылдуу жана кыймылсыз элементтерине тийип кетүүнүн натыйжасында жаракат алуу тобокелдигин минималдаштырууну же жок кылууну камсыз кылуучу жүргүнчү жылып бара жаткан мейкиндиктин бөлүгүн чектөө;
кооптуу компонент - токтоп калышы адамдын өлүмүнө алып келиши же адамдын ден соолугуна оор зыян келтириши мүмкүн болгон конструкциянын бөлүгү, аттракциондун түйүнү же бөлүгү;
кооптуу параметр - бузулушу адамдын өлүмүнө алып келиши же адамдын ден соолугуна оор зыян келтириши мүмкүн болгон аттракциондун же анын кооптуу компонентинин маанилүү мүнөздөмөсү;
модификация - долбоорлонгондорго салыштырмалуу кооптуу компоненттин конструкциясын кандай болбосун өзгөртүү же кооптуу параметрди өзгөртүү;
дайындалган ресурс - жалпы иштөө убактысы, ага жеткенде техникалык абалына карабастан аттракционду эксплуатациялоо токтотулууга тийиш; эксплуатациялоонун календардык узактыгы, ага жеткенде техникалык абалына карабастан аттракционду эксплуатациялоо токтотулууга тийиш;
жол берилбеген пайдалануу - аттракционду башка максатта же эксплуатациялык документтердин талаптарын бузуу менен пайдалануу;
жүргүнчүлөр, келүүчүлөр менен болгон кырсык - аттракционду эксплуатациялоодо жүргүнчүнүн, келүүчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирген же өлүмүнө алып келген окуя;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин төмөнкү даражасы (RB-3) - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) эмгекке жарамсыздыгын убактылуу жоготуу менен зыян келүү ыктымалдыгы;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин болбос даражасы (RB-4) - биомеханикалык таасирлердин натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) эмгекке жарамсыздыгынын кандайдыр бир формасыз зыян келүү ыктымалдыгы;
аттракциондун коопсуздугунун негиздемеси - ушул Эрежелердин талаптарына, ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына жана ага карата колдонула турган башка күчүнө кирген Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин ырастоо үчүн аттракциондун коопсуздугу тууралуу документтердин топтому;
пайдаланууну чектөө - ден соолугунда кемчиликтери бар же бою, салмагы боюнча чектөөлөргө байланыштуу, ошондой эле өзүн начар сезген жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдаланууну чектөө;
тейлөө - аттракционду максаттуу пайдаланууда, аны сактоодо жана ташууда аны иштегенге жарактуу жана оң абалда күтүү үчүн даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде аныкталган жана (же) аттракциондун эксплуатанты тарабынан белгиленген техникалык тейлөө боюнча операциялардын комплекси;
калган ресурс - аттракциондун техникалык абалын контролдоо учурунан баштап анын чектүү абалга болжолдуу өтүүсүнө чейинки жалпы иштөө убактысы;
аттракциондун техникалык абалын баалоо (техникалык күбөлөндүрүү) - аттракционду белгилүү бир мезгилге андан ары коопсуз эксплуатациялоо мүмкүндүгүн аныктоо максатында аттракциондун техникалык абалын визуалдык, өлчөө, бузбаган жана башка контролдоо методдорун колдонуу менен эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү боюнча иштердин комплекси;
Аттракциондун паспорту - даярдоочунун кепилдиктерин, RB-3 (төмөнкү) потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы аттракциондун негизги параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн маанилерин ырастоочу маалыматтарды камтыган документ;
жүргүнчү - аттракцион менен жыла турган адам;
жүргүнчү модулу - жүргүнчүлөрдү жылдыруу үчүн арналган аттракциондун бөлүгү (араба, кабина, отургуч);
келүүчү - аттракциондордун же аттракциондордун көмөкчү түзүлүштөрүнүн зонасында болгон адам;
аттракционду пайдалануу эрежелери - аттракциондун долбоорлоочусу (иштеп чыгуучусу) же ээси (эксплуатанты) тарабынан иштелип чыккан жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн талаптар;
аттракциондун чектүү абалы - аттракционду андан ары эксплуатациялоого жол берилбеген, иштегенге жарактуу абалын калыбына келтирүү мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз болгон аттракциондун, анын түйүндөрүнүн жана механизмдеринин, анын ичинде кооптуу (критикалык) компоненттеринин техникалык абалы;
сыноо үчүн иштетүү - эксплуатациялык документтерде тиешелүү талаптар болгон учурда жүргүнчүлөрдүн толук түшүүсүн имитациялоо менен аттракционду жүргүнчүлөрсүз сыноо үчүн иштетүү;
долбоорлоочу (иштеп чыгуучу) - аттракциондун долбоорун иштеп чыккан адис же уюм;
аттракционду реконсервациялоо - консервациянын тескери процесси; аттракциондун демонтаждалган бөлүктөрүн же блокторун монтаждоо жүргүзүлөт, алардын абалы текшерилет, жабдуулардын бетинен убактылуу коргоочу курамдар сыйрылат, зарыл болгон учурда жабдууларды эксплуатациялоо үчүн керек болгон башка каражаттар түшүрүлөт;
оңдоо - аттракционду эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкеш келген техникалык абалга келтирүү менен аттракциондун кандай себептерден улам болбосун бузулган, эскирген же жараксыз болгон түйүндөрүн жана механизмдерин калыбына келтирүү;
адистештирилген уюм - тиешелүү түрдөгү/типтеги аттракциондорду жана алардын бөлүктөрүн долбоорлоо, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, тейлөө, техникалык диагноздоо (же көрсөтүлгөн жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмегинен тандоо) боюнча жумуштарды аткаруу жана/же кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүргүзүү укугуна атайын уруксаты (лицензиясы) бар уюм;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин ортоңку даражасы (RB-2) - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) ден соолугуна оор зыян келүү ыктымалдыгы;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасы - кесепеттердин мүмкүн болгон оордугун эске алуу менен ар кандай даражадагы биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүгө (жүргүнчүлөргө) зыян келүү ыктымалдыгы;
аттракциондун техникалык абалы - аттракциондун эксплуатациялык жана долбоордук документтеринде белгиленген эксплуатациялоо процессинде өзгөрүлбөгөн жана өзгөрүүгө дуушар болгон аттракциондун параметрлеринин маанилеринин жыйындысы;
аттракциондордун тиби - иштөөсү жана биомеханикалык таасирлерди түзүү боюнча окшош аттракциондор;
кармоочу түзүлүштөр - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн же аттракционду пайдаланууда келип чыккан күчтөрдүн аракетинин натыйжасында же жүргүнчүнүн жүрүм-турумунан улам жүргүнчүлөрдүн коопсуздук контурунан тышкары жылып кетүүсүн алдын алууга арналган аттракциондордун элементтери (мисалы, отургучтар, бут койгучтар, кармагычтар жана бекитүүчү түзүлүштөр);
эксплуатациялоо шарттары - аттракционду эксплуатациялоодо ага таасир этүүчү факторлордун жыйындысы;
коопсуздук түзүлүшү - аттракционду коопсуз пайдаланууну камсыз кылуучу техникалык түзүлүш;
бекитүүчү түзүлүш - жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) аттракциондо ылдамдоону коопсуз кабыл алуусу үчүн жүргүнчүнүн денесинин берилген абалын кармап турууга, жылып кетүүсүн чектөөгө жана (же) сактоого арналган түзүлүш;
Аттракциондун формуляры - даярдоочунун кепилдиктерин ырастоочу маалыматтарды, аттракциондун негизги параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн маанилерин, аттракциондун техникалык абалын чагылдырган маалыматтарды, аттракциондун шайкештигин ырастоо жана утилдештирүү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аттракционду эксплуатациялоо мезгилинде киргизилген маалыматтарды камтыган документ;
ээси (эксплуатанты) - аттракционго мыйзамдуу негиздерде ээлик кылган жана эксплуатациялоону жана бул аттракционду жүргүнчүлөргө көңүл ачуу кызматтарын көрсөтүү үчүн пайдаланган юридикалык же жеке жак;
эксплуатациялык документ (эксплуатациялык документация) - аттракционду эксплуатациялоо эрежелерин (өзүнчө же башка документтер менен бирге) аныктаган жана (же) аттракциондун даярдоочу тарабынан кепилденген негизги параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн маанилерин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды, ошондой эле дайындалган иштөө мөөнөтүнүн ичинде аны экплуатациялоонун кепилдиктери жана ал тууралуу маалыматтарды чагылдырган документ (документация).
зыян - адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлккө же айлана-чөйрөгө зыян келтирүү;
конуу зонасы - парашют буюмдарын, механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондорду колдонууда жүргүнчү конуучу жер;
окуя - парашют буюмдарында, механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондордо колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, аларды эксплуатациялоо режиминен четтөө, жогорку коркунуч булактарын эксплуатациялоо режимин белгилеген ченемдик укуктук актыларды бузуу;
жогорку коркунуч булактары - бул сандык, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондордун аныкталган предметтерин, объекттерин же техникалык түзүлүштөрүн пайдалануу менен байланышкан иш, алар колдонуу процессинде жогорку зыян келтирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ;
үйлөмө аттракцион - кургакта жана сууда активдүү эс алуу учурунда пайдалануучулардын коопсуздугун камсыз кылуучу убактылуу же туруктуу көңүл ачуучу объектти түзүү үчүн бири-бирине туташтырылган бир же бир нече кабыктан турган аба үйлөтүлгөн же үйлөнгөн (парашюттар) оюн-зоок буюмдарынын ("банан", "диван", "таблетка"), жабдуулардын жана конструкциялардын (тоочолор, батуттар, лабиринттер, секирүү зоналары) бир түрү;
парашют - бул кездемеден же башка жумшак материалдан жасалган кол чатыр түрүндөгү, убактылуу учууну жаратуу же нерсенин же адамдын абада кулашын жайлатууга арналган түзүлүш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомдорунун редакцияларына ылайык)