Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2021-жылдын 5-мартындагы № 72

токтому менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө

жобо

 

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыздоо боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, ушул Жобону, ошондой эле жалпы таанылган принциптерин жана эл аралык укуктук ченемдерди, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Министрлик өз ишин түздөн-түз жана аймактык бөлүмдөр, ведомстволук бөлүмдөр, мекемелер жана уюмдар аркылуу башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен ишке ашырат.

4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим органдарынын бирдиктүү системасын Министрликтин борбордук аппараты, аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери түзөт.

5. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы жана туусу бар, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле өзүнө бекитип берилген мүлкү бар.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Министрликтин толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги";

- расмий тилде: "Министерство образования и науки Кыргызской Республики".

Министрликтин кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "БИМ";

- расмий тилде: "МОН".