РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 196-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 25-апрели № 196-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:

14-пунктта "Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тармактык блокту тескөөчү орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У. Жапаров