Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 179
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында товарларга байкоо жүргүзүү механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуучу субъекттер төмөнкүдөй деп белгиленсин:
1) эгерде ушул пунктта башкача белгиленбесе, 2024-жылдын 1-июлуна чейин "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулундагы товарлардын, анын ичинде баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон товарлардын калдыктарын иш жүзүндөгү калдыктарга ылайык келтирүүгө милдеттүү;
2) товарларды импорттоону жана/же экспорттоону жана/же өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырбаган, соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик төмөнкүлөрдөн бошотулат:
- товарлардын акциздик топторун (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 коддору менен майлоочу майлардан жана башка майлардан тышкары) жана сатууга атайын лицензиялар жана уруксаттар талап кылынган товарларды кошпогондо, "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулундагы товарлардын калдыктарын иш жүзүндөгү калдыктарга ылайык келтирүү милдетинен;
- 2026-жылдын 1-апрелине чейин соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен эсептешүүлөрдө "Эсептен чыгаруу" операциясын аткаруудан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "51-беренесине" деген сөздөр "51, 127-беренелерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жана түзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;";
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.";
3) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Субъект ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү деп белгиленсин:
1) 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продукттарын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;
2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмекке киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;
3) 2024-жылдын 1-июлунан тартып - товарларды калкка сатуу жана/же экспорттоо үчүн Интернет тармагында соода платформасын берүүчү субъект;
4) 2027-жылдын 1-январынан тартып - өздүк өндүрүштөгү товарларды экспорттоодо тигүү жана текстиль өнөр жайы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу субъект;
5) 2023-жылдын 1-январынан тартып - ушул пункттун 1-4-пунктчаларына киргизилбеген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект.";
4) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Субъект төмөнкүдөй деп белгиленсин:
1) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу киргизилүүчү датага чейин ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттала алат жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды ыктыярдуу тартипте колдоно алат;
2) 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө ушул токтомдун 2-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн субъекттин дарегине "Эсептен чыгаруу" операциясын милдеттүү түрдө аткаруу менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздебестен товарларды жеткирүүгө укуктуу;
3) ушул токтомдун 2-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн өздүк өндүрүштөгү товарларды экспорттоодо мындай товарларды өндүрүүдө пайдаланылуучу товарларды кириштөө операциясын жүргүзүүдөн 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө бошотулат.";
5) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык системасынын "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулунда камтылган товарлардын номенклатурасынын маалыматтарынан товарлардын каталогун түзсүн.
4. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү субъекттерге эсепке алуу системаларында "Товарлардын каталогу" модулу менен ыйгарылуучу уникалдуу идентификаторду пайдалануу сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.