КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-майы № 217
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомунун редакциясына ылайык)
Ченемдик укуктук актыларды бирдей колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-майы № 217
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ченемдик укуктук актыларды бирдей колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 5-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдында кепилдик берүүчү катары чыгат;";
- 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 4-пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдарга Министрликтин атынан кепилдик берүү;".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибинде:
- 2-пункттун 4-пунктчасында "чечимдерине ылайык берилүүчү" деген сөздөр "чечимине ылайык берилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-майындагы № 35 (3588) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |