Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 токтомуна) |
Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу тартиби (мындан ары - Тартип) социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арызды берүү тартибин, кароо мөөнөтүн жана жогоруда аталган эсептен чыгарууларды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин аныктайт.
2. Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак-резидент үчүн колдонулат.
3. Салык төлөөчү эсептен чыгарууну мындай эсептен чыгаруу тиешелүү болгон салык мезгилинде алууга укуктуу.
4. Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды колдонуунун натыйжасында түзүлгөн киреше салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы эсепке алуу жана кайтарып берүү жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде берилиши мүмкүн, буга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 195, 196-беренелеринин 5-бөлүктөрүндө каралган укуктук мамилелер кирбейт.
5. Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууга укук салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана чыгымдарды ырастаган документтердин негизинде бирдиктүү салык декларациясын тапшырган учурда берилет.
Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу жөнүндө салык төлөөчүнүн арызы салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө салык органдарына берилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында жеке жактар боюнча ведомстволор аралык маалымат алмашуу болбогон учурда, салык төлөөчү арызды жана тастыктоочу документтерди салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз түрүндө берет.
6. Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды берүүнүн жыйынтыгы боюнча банктык эсепке киреше салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүү салык төлөөчүнүн аткарылбаган салык милдеттенмеси жок болгон учурда жүргүзүлөт.
2-глава. Социалдык эсептен чыгаруу
7. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан (жыйырма төрт жаштан) ашпаган адамдардын билим алуусуна социалдык эсептен чыгарууну алууга укуктуу.
8. Билим алууга эсептен чыгаруунун өлчөмү мектептик билим берүүгө, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар же билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлаган Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн жана документтер менен ырасталган төлөмдүн суммасына барабар, бирок билим алууга эсептен чыгарууларды эсепке албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашык эмес, ал эми багуусунда үч жана андан ашык адам бар салык төлөөчүлөр үчүн – билим алууга эсептен чыгарууларды эсепке албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашык эмес белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Социалдык эсептен чыгаруу укугу бир гана салык төлөөчүгө берилет.
Салык төлөөчү жубайлардын бири ата-энеси болуп саналган баланы окутууга кеткен чыгымдарды ырастаган документтер алардын кимисине таризделгенине карабастан социалдык эсептен чыгарууларды алууга укуктуу.
Мында, эгерде окуп жаткан багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда анын окуусуна кеткен чыгымдарды эсептен чыгарууну жеке адамдардын бирине гана алууга уруксат берилет.
10. Эгерде окууга социалдык эсептен чыгаруунун суммасы чектөөнүн суммасынан ашып кетсе, анда бул ашып кетүү кийинки салыктык мезгилдерде эсептен чыгарылбайт.
Эсептен чыгаруулардын суммасы салыктык базанын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет, ага билим алууга эсептен чыгаруулар жана мүлктүк эсептен чыгаруулар кирбейт, ал эми багуусунда үч же андан ашык адам болгон декларант үчүн эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууларды камтыбаган салыктык базанын өлчөмүнүн 25 пайызы менен чектелет.
11. Бирдиктүү салык декларациясын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүүдө салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча социалдык эсептен чыгарууну алууга электрондук форматтагы арызды салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде толтурат.
Социалдык эсептен чыгарууларды алууга арызды жеке кабинетте түзүүдө салык төлөөчү арызды түзүү үчүн маалыматтарды киргизет, алар боюнча маалыматтар мамлекеттик органдар тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу келип түшөт.
12. Мамлекеттик органдар тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ыйгарым укуктуу салык органынын дарегине салык төлөөчү боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
1) паспорттук маалыматтар;
2) никеге туруу же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөн алынган маалыматтар;
3) балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн алынган маалыматтар;
4) багуудагы адамдын (эгер болсо) паспорттук маалыматтары;
5) үй-бүлө курамы жөнүндө маалыматтар;
6) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы жөнүндө маалыматтар же болбосо дарегине салык төлөөчү тарабынан акы төлөнгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмуна берилген мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө кабарлоолор;
7) билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акынын суммалары, киреше салыгынын кармалган суммалары жана эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө маалыматтар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Салык төлөөчү социалдык эсептен чыгарууларды алууга арызга төмөнкү ырастоочу документтердин сканерленген варианттарын тиркейт:
1) мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү билим берүү мекемеси менен түзүлгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө контракт;
2) акы төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документтери жана/же акы төлөнгөндүгү жөнүндө электрондук төлөм документтери;
3) багуудагы адамды асырап алган учурда, асырап алуу жөнүндө документ;
4) эгерде декларант Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаса, кайрылмандын статусу же жашап турууга укугу бар экендиги жөнүндө документ.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында жеке жактар боюнча ведомстволор аралык маалымат алмашуу болбогон учурда салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз түрүндө төмөнкү документтерди берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча арыз;
2) салык төлөгөн декларант менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү билим берүү мекемесинин ортосунда түзүлгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө контракттын көчүрмөсү;
3) акы төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөлөрү жана/же акы төлөнгөндүгү жөнүндө электрондук төлөм документтери;
4) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн/багуудагы адамды асырап алуу документинин көчүрмөсү;
5) багуудагы адамдын паспортунун көчүрмөсү (бар болсо);
6) салык төлөгөн декларанттын паспортунун көчүрмөсү;
7) салык төлөгөн декларанттын жубайынын паспортунун көчүрмөсү;
8) никеге туруу же ажырашуу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
9) билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акынын суммалары, киреше салыгынын кармалган суммалары жана эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө белгиленген форма боюнча салык төлөгөн декларанттын иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) маалымкат;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)