Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-марты № 42
2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2025-2026 жылдарга болжолу жөнүндө
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 290 токтомуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна ылайык, токтом кылам:
1. 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 36 467 720,5 миӊ сом суммасында бекитилсин (администрациялык-аймактык реформалар боюнча бюджеттик параметрлерди эске алуу менен, республикалык бюджеттен алынуучу 6 973 016,4 миң сом суммасындагы максаттуу трансферттерди эсепке албастан), анын ичинде:
22 283 136,3 миң сом – шаардык бюджет;
3 665 623,6 миң сом – Ленин администрациялык районунун бюджети;
2 986 199,1 миң сом – Октябрь администрациялык районунун бюджети:
4 391 661,6 миӊ сом – Биринчи май администрациялык районунун бюджети:
3 141 099,9 миӊ сом – Свердлов администрациялык районунун бюджети.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 290 токтомуна ылайык)
2. 2025-2026-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин төмөндөгүдөй болжолу жактырылсын:
кирешелер жана чыгашалар боюнча 2025-жылга - 19 896 087,1 миң сом суммасында, 2026-жылга - 20 561 833,1 миң сом суммасында.
2025-2026-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдуу параметрлери аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда такталууга тийиш.
3.Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2025-2026-жылдарга болжолу ушул токтомдун 1, 11,12,13-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы;
2) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен максаттуу трансферттердин пландык өлчөмдөрү автобустарды сатып алуу үчүн 4 339 202,6 миң сом жана Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы фонду боюнча чыгашаларынын бөлүгүн жабууга, Бишкек шаарына административдик-аймактык реформанын алкагында кошулуучу аймактардын билим берүү уюмдарын күтүүгө 2 578 870,3 миң сом суммасында, ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 54 943,5 миң сом.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен жана 2025-2026-жылдарга болжолдон чыгашаларды каржылоого каражаттар ушул токтомдун 2 жана 21-тиркемелерине ылайык карала тургандыгы;
2) 2024-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлөт. Мында, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгышаларды (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар) каржылоо жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
Каражаттарды чыгымдоо жана чыгаша беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;
3) 2023-жылы толук каржыланбаган чыгашалар 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде компенсацияланат.
5..Бишкек шаары боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2024-жылдын 1-январына карата 10 000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча – 6 000,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча – 1 000,0 миң сомдон суммада бекитилсин.
6. 2024-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн ченемдери төмөдөгүдөй бекитилсин:
1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы, патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режим соода зонасындагы иш-аракеттерге салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:
Ленин администрациялык районуна – 79,7 %;
Октябрь администрациялык районуна – 67,6 %;
Биринчи май администрациялык районуна – 46,4%;
Свердлов администрациялык районуна – 61,6 %;
2) роялти боюнча - 50,0% администрациялык райондорго;
3) бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы боюнча башка салыктар жана жыйымдар, АЖ МФ жерлерин пайдалангандык үчүн ижара төлөмү, мүлк ижарасы үчүн акы төлөө, токтотмо жана автотранспортту коюу үчүн жыйым, алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым, капиталдык жардам, мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер боюнча, башка салыктык эмес кирешелер боюнча, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча – 100% шаардык бюджетке;
4) жер казынасынын пайдалануу укугуна лицензияны сактап калуу үчүн жыйым, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча - 100% тийиштүү администрациялык райондордун бюджетине;
5). «Калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө» беренеси боюнча киреше бөлүгүнүн болжолдуу параметрлери шаардык бюджет боюнча 5 311 900,0 миң сом суммасына, Свердлов районунун бюджети боюнча 188 100,0 миң сом суммасына көбөйтүлсүн.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 290 токтомуна ылайык)
7. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
8. Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу дайындалышы боюнча пайдаланылбаган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.
9. Бишкек шаарына административдик-аймактык реформанын алкагында кошулуучу аймактардан тышкары 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жалпы билим берүүчү мектептердин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинде 2800 сомго чейинки ай сайын үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600 чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);
2) балдар музыкалык мектептеринин жаш адистеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 500 эсебинде үстөк акы;
3) карылар үйүнүн, «Аяр» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;
4) Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын- 4000 сом эсебинде үстөк акы;
5) Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин, «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, китепканачыларынын, музей кызматкерлеринин жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринин, Ленин администрациялык районунун Чоң-Арык айылы муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналынын эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;
6) материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын 2000 сомдон үстөк акы;
7) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учёттук персоналдарынын эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;
8) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер боюнча уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;
9) Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык балдар сүт ашканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Профилактикалык дезинфекциялоо боюнча шаардык дезинфекциялык станциясынын кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын төмөнкүдөй үстөк акы:
орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон көп эмес;
кенже персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;
кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;
Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык балдар сүт ашканасынын адистештирилген транспорт каражаттарынын айдоочуларына балдар сүт азыктарын ташуу үчүн бир ставкага 2000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2000 сомдон көп эмес;
10) Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин медициналык-педагогикалык комиссиясынын усулчуларынын эмгек акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;
11) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен 100% өлчөмүндө ай сайын үстөк акы;
12) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларын, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн тейлеп иштеген кенже тейлөөчү кызматкерлеринин жана техникалык персоналдарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр;
91. Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарда иш жүргүзүүчү жана Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларынаокуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке ай сайын 2800 сомго чейин (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом) үстөк акы;
2) билим берүү, маданият уюмдарынын башка кызматкерлеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;
3) китепканачыларга, маданият үйлөрүнүн кызматкерлерине 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы.