Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 204
2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессин тездетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасы 1-тиркемеге ылайык;
- 2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин аны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 5-июлдан жана 5-январдан кечиктирбестен Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 33 (3586) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар |
1-багыт. Формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессин тездетүү үчүн натыйжалуу жөнгө салуу жана башкаруу чөйрөсүн түзүү | ||||||
1.1 | Улуттук мыйзамдардын кабыл алынган ченемдерин ишке ашыруу жана аткарылышын контролдоо механизмдерин иштеп чыгып, киргизүү жана аларды ишке ашыруу сапатын жогорулатуу | Формалдуу эмес экономиканы жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну кыскартууга багытталган мурда кабыл алынган улуттук мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышына аудит жана мониторинг жүргүзүү (отчет берүү системасы, текшерүү жана аудит жүргүзүү, жарандар жана кызыкдар тараптар менен кайтарым байланыш) жана аткарылбай калуу себептерин аныктоо | 2025-жылдын 30-декабры, андан ары 2 жыл сайын | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | Мониторингдин жыйынтыктарын талдоо, бенефициарлардан пикир алынды | ЭКМ, МСК |
Чогултулган салыктык жана социалдык чегерүүлөрдү натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн ЖМКда жана министрликтин расмий сайтында аларды пайдалануу жөнүндө ачык отчетторду берүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жоопкерчилигин күчөтүү | Жыл сайын | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Чогултулган салыктык жана социалдык чегерүүлөрдү пайдалануунун натыйжалуулугун коомдук талкуулоо регламенти | ФМ | ||
Салык инспекторлору тарабынан бирдиктүү мамиле колдонуу үчүн салыктык жыйымдар боюнча тобокелдиктерди башкаруу системасы боюнча нускама иштеп чыгуу | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Салыктар боюнча тобокелдиктерди башкаруу системасы боюнча методологиялык нускама бекитилди | МСК, ЭКМ | ||
Майда жана чакан ишканаларды, жеке ишкерлерди формалдаштыруу маселелери боюнча бизнес-ассоциациялардын жана кесиптик бирликтердин арасында консультациялык кызматтарды көрсөтүү (ишканалардын жана жумушчуларды иш менен камсыз кылуунун бардык типтерине тиешелүү аспекттерде жүргүзүлүп жаткан жана пландалган реформаларга түшүндүрмө берүү) | 2024-2030-жылдар | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Консультацияларды алган чакан ишканалардын жана жеке ишкерлердин саны, консультациялардын ар жылдык планы | МСК, ФМ, УСК, ЭМ, СФ, кесиптик бирлик | ||
Мамлекеттик органдардын (Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, айыл өкмөттөрү жана ЖӨБО) ишин баалоо жана пландоо методикасына формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун үлүшүн кыскартуу боюнча иштерди жер-жерлерде натыйжалуу жүргүзүү критерийин киргизүү | 2024-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Мамлекеттик органдардын ишин баалоо жана пландоо методикасына формалдуу эмес экономика жана иш менен камсыз кылуу боюнча критерийлер киргизилди | ЭКМ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | ||
1.2 | Бизнестин жана кесиптик бирликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен коррупциялык көрүнүштөргө жана мыйзамсыз практикага каршы чараларды иштеп чыгуу | Формалдуу эмес иш менен камсыз болгон адамдарды, алардын социалдык жана башка салыктык чегерүүлөрдү төлөбөгөн фактыларын аныктоо боюнча МСКнын контролдук функциясын күчөтүү | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Формалдуу эмес жумушчуларды аныктоо боюнча МСКнын функциялары кеңейтилди | МСК, ЭКМ |
Формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссиянын ишин күчөтүү | Дайыма | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Комиссиянын ар кварталдагы жыйналыштары жана чечимдери | ЭСКММ | ||
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине формалдуу эмес экономикалык ишти жүргүзүү жана жумушчулардын иш жүзүндөгү санын жашыруу үчүн бизнес субъекттерине административдик айып салууну жана/же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо | 2025-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынды | ЭКМ, ЭСКММ МСК | ||
1.3 | Бардык кызыкдар тараптардын ортосунда маалыматты эсепке алуунун, чогултуунун жана алмашуунун сапаттуу системасы менен камсыз кылуу жана формалдуу эмес экономиканы жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну талдоо жана болжолдоо системасын иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана код ыйгаруунун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтомуна ылайык ИУЖК боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге код ыйгаруунун бирдиктүү системасын колдонууга бардык мамлекеттик органдарды милдеттендирүү | 2024-жыл, аткаруу жөнүндө квартал сайын маалымат топтоо | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Бирдиктүү ИУЖК системасы бардык мамлекеттик түзүмдөр тарабынан колдонулат. Аткаруу жөнүндө отчеттор топтолду | УСК, ЮМ, МСК, ЭКМ |
Формалдуу эмес экономиканы жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну кыскартууга багытталган андан аркы иш-чараларды иштеп чыгуу менен алар боюнча маалыматтарды эсепке алуунун, чогултуунун жана мамлекеттик органдардын ортосунда алмашуунун сапаттуу системасын камсыз кылуу | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Жооптуу мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу жөнүндө меморандум. Формалдуу эмес экономиканы/иш менен камсыз кылууну талдоо жана болжолдоо системасы бекитилди | ЭСКММ, ЭКМ, УСК, МСК, СФ | ||
Чүй облусунда формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну өлчөө боюнча жүргүзүлгөн пилоттун (тандалган 220 үй чарбалары) негизинде "Жумушчу күчүн изилдөө" анкетасына (мындан ары - ЖКИ) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу үлүшүн эсептөө методологиясын бекитүү (анткени азыркы учурда формалдуу эмес сектордо иш менен камсыз кылуу гана эсептелет) | 2024-жылдын 1-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | ЖКИ анкетасы өзгөртүлдү жана методология бекитилди | УСК | ||
2022-жылы өткөрүлгөн Калкты жана турак жай фондун каттоонун негизинде тандалган ЖКИге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу жана формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылуу үлүшүн өлчөө үчүн топтолгон маалыматтардын репрезентативдүүлүгүн камсыз кылуу | 2025-жылдын 1-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Тандалган ЖКИге киргизилген өзгөртүүлөр бекитилди | УСК, ЭСКММ, ЭКМ | ||
Патент алуучулардын формалдуу түрдө иштегендер катары эсепке алуу методикасын иштеп чыгуу (азыркы учурда салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн патент алуучулар формалдуу эмес секторго киргизилген) | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын чегинде | Патент алуучуларды формалдуу иштегендер катары эсепке алуу методикасы бекитилди | МСК | ||
Формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун үлүшүн азайтуу боюнча мамлекеттик саясатты андан ары иштеп чыгуу жана чараларды пландоо үчүн формалдуу эмес экономикага жана иш менен камсыз кылууга байланыштуу мезгилдүү изилдөөлөрдү жүргүзүүнү (СДУИ аркылуу) камсыз кылуу | Жыл сайын | Донордук каражаттардын жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрүнүн алкагында | Аналитикалык документтер жана Республикалык үч тараптуу комиссиянын жыйналыштарында талдоонун жыйынтыктарын көрсөтүү | СДУИ, УСК | ||
1.4 | Ишканалар жана жумушчулар тарабынан формалдаштыруу ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу | Формалдуу эмес экономиканын субъекттерине жана иш менен камсыз кылуунун бардык түрүндөгү жумушчуларга консультациялык жардамды аныктоонун жана көрсөтүүнүн методикасын иштеп чыгуу жана мамлекеттик кызматтын кызматкерлерин эмгек мыйзамдарынын жана салык инспекторлорунун аткарылышын контролдоо боюнча окутуу | 2024-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын чегинде | Методика бекитилди, окутулгандардын саны | ЭСКММ, МСК, СФ |
Дүң соода түйүндөрүндө накталай эмес эсептерди жана ККМ колдонбогондугу үчүн компаниялардын жана иш берүүчүлөрдүн мыйзамсыз ишине бөгөт коюу үчүн мотивация берүү (сыйлоо жана жазалоо) системасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын чегинде | Мотивация берүү системасы | ЭКМ, МСК | ||
Ишканалардын жана жумушчулардын формалдуу эмес ишинин фактылары жөнүндө жооптуу органдарга (МКК) маалымдаган жарандар үчүн мотивация берүү системасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын чегинде | Мотивация берүү системасы | МСК | ||
Салык инспекторлору менен ЖӨБО өз ара аракеттенүү регламентин иштеп чыгуу жана МСК жана ЖӨБО жалпы иш планын иштеп чыгуу (ишканаларды жана жумушчуларды аныктоо жана формалдуу экономикага/иш менен камсыз кылууга которуу үчүн) | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын чегинде | Иштердин жалпы планынын өз ара аракеттенүү регламенти бекитилди, % биргелешкен иш-чаралар аткарылды | МСК, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЭСКММ | ||
Мамлекеттик инспекцияларга/чарбалык субъекттерди текшерүүгө мораторийди жокко чыгаруу жана эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органды адам жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу (текшерүүлөрдү эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүүгө мүмкүндүк берет) | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын потенциалы чыңдалды | ЭСКММ, МКЖӨБМА, ЭКМ | ||
2-багыт. Формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессинин жагымдуулугун жогорулатуу жана экономикалык дем берүү | ||||||
2.1 | Формалдуу эмес ишканалар жана формалдуу эмес иш менен камсыз болгон калк үчүн формалдуу сектордун жагымдуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | Атайын каржылоо механизмдери аркылуу формалдуу эмес ишканалар үчүн жеткиликтүү жана басмырлабаган кредиттик шарттарды ачуу | 2025-жылдын 30-октябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде, донордук каражаттар жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | Кредиттик линиялар ишканалардын бардык түрлөрү үчүн жеткиликтүү | ФМ |
Формалдуу эмес экономиканын үлүшүн жана формалдуу эмес иш менен камсыз болгондордун санын кыскартууга социалдык төгүмдөрдүн ставкасын кыскартуу бөлүгүндө жүргүзүлгөн реформалардын таасирине талдоо жүргүзүү (алар 2013-жылдан тартып жүргүзүлүп жатат) | 2024-жылдын 30-ноябры | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | Талдоонун натыйжалары жана сунуштамалар жөнүндө отчет | СФ | ||
Калкты иш менен камсыз кылуу боюнча активдүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (жаштарга стажировка уюштуруу, иштин квалификацияланган түрлөрүнүн эсебинен коомдук пайдалуу иштердин өлчөмүн жана спектрин кеңейтүү, мигранттардын ишкердик көндүмдөрүнө окутуу аркылуу мигранттарды кредиттөөгө жетүү ЭСКММ ж.б.) | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде | Расмий ишке орношкон жумушчулардын саны | ЭСКММ | ||
Кайрылган жумушсуздардын жана жарандардын башка категорияларынын арасында формалдуу экономиканын/иш менен камсыз кылуунун оң жактары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бөлүгүндө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча аймактык бөлүмдөрдүн ролун күчөтүү | Квартал сайын | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин чегинде, донордук каражаттар жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | Региондор/райондор боюнча камтылган ишканалардын жана жумушчулардын саны жөнүндө кварталдык отчеттор | ЭСКММ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | ||
Ишканалардын масштабын (ири, орто, чакан бизнес) жана эмгек акынын өлчөмүн эске алган камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө механизмин иштеп чыгуу, экономиканын тармагына жараша социалдык төгүмдөрдү төлөөнүн регрессивдүү шкаласын ишке киргизүү КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 25-апрели № 204 2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессин тездетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр бекитилсин: | ||||||