Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Сүлукту шаардык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы №171 токтомуна ылайык 

күчун жоготту

 

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы)  кезексиз ХХXII сессиясы

 

2024-жылдын 8-февралы №158

Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары  Г.Б. Сапарованын   шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан   бошотуу жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө

 

 

Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын   шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызын карап, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренсинин 8-пунктунун жана шаардык кеӊештин регламентинин негизинде   Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сүлүктү шаардык кеӊешинин  төрагасынын орун басары  Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

2.     Г.Б.Сапарованын Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укугу  2024-жылдын 8-февралыдан токтотулсун 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын

Төрага

 М.А.Кутбидинов