Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2021-жылдын

17-майдагы 1-сессиясынын №1/1 токтомунун

негизинде бекитилди.

 

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ

I-БӨЛҮК

Жалпы жоболор

1-ГЛАВА

Шаардык кеңеш

2-ГЛАВА

Шаардык кеңештин компетенциясы

II-БӨЛҮК

3-ГЛАВА

Шаардык кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басары

4-ГЛАВА

Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

5-ГЛАВА

Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

6-ГЛАВА

Депутаттын милдети

III-БӨЛҮК

7-ГЛАВА

Депутаттык фракция, коалиция

8-ГЛАВА

Фракциялардын шайлоочулар менен оз ара мамилеси.

Шайлоочулардын суроо-талаптары

9-ГЛАВА

Шаардын мэрин шайлоо

10-ГЛАВА

Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби

11-ГЛАВА

Шаардык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби

12-ГЛАВА

Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.

13-ГЛАВА

Депутаттык этика жана шаардык кенештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо

IV БӨЛҮК

14-ГЛАВА

Шаардык кеңештин Регламенти.

 

Ушул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана шаардык кеңештин иш-аракетин жана тартибин аныктайт.

 

 

I-БӨЛҮК

1.1     Шаардык кеңеш шаардын жергиликтүүөз алдынча башкаруусунун өкүлүүчүлүктүү органы болуп саналат.Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»,КРнын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат.

Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу - укуктук түрү сессия болуп саналат.

1.2     Шаардык кеңештин регламенти шаардык кеңештин ыйгарым укутарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин белгилейт жана контролдоо ишинин жолун аныктайт.

1.3    Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялык, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук , объективдүүлүк депуттардын маселеси эркин талкулоо жана чечим кабыл алуу принципдерине негизделет. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар мамлекеттик сырга таандык болгондо гана өткөрүлөт.

1.4    Шаардык кеңештин курамы депуттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен 4 жылга шайланат.

1.5    Сессиянын токтомдору мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн , зарыл болгон учурда расмий тилде жүрүзүлсүн.

 

2-глава

Шаардык кеңештин компетенциясы

2.1.Шаардык кеңештин компетенциясы КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101 2011-жылдын 15-июлунда мыйзамынын 31-беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде аныкталат.

2.2.Шаардык кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланууну жөнүндө маалыматын угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана аларды аткарууну контролдоо;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди жүргүзүү, ошондой эле КРнын мыйзамдарында каралаган учурларда алар боюнча чендерди белгилөө;

5) жергиликтүү коомдоштуктардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана башкаруу тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти аткарууга контрол жүргүзүү;

6) жергиликтщщ өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндөотчетун угуу;

7) КРнын мыйзамдарына ылайык белгиленген учурларда депуттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8) жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү, КРнын мыйзамдарына ылайык башка ма- селелерди чечүү;

9) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегиндешаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;

10) административдик-аймактык түзүлүү боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органына киргизүү максатында сунуштарды иштеп чыгуу;

11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, шаардык кеңештин

төрагасынын КРнын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

12) шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;

13) жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттыксанын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;

14) муздак сууну, канализацияны о.э. катуу тиричилик таштандыларын(мусор) чогултуу, алып чыгуу жана жок кылууга КРнын мыйзамдарына ылайык тарифтерди бекитүү;

15) шаар мэрин шайлоо;

16) кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;

17) ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогорку көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;

2.3.Шаардык кеңеш жергиликтүүмаанидеги маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансалык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат;

 

II БӨЛҮК

3-глава.

Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары.

3.1. Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

Эгерде кеңештин төрагасы мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда көпчүлүк коалиция депутаттардын ичинен төраганын кызматына башка талапкерди сунуштайт.

3.2. Эгерде шаардык кеңештин төрагасы биринчи турда шайланбай калса ошол эле көпчүлүк коалиция ошол эле талапкерди кайрадан сунуштоого болот.

Экинчи турда кеңештин төрагасы шайланбай калган учурда анда көпчүлүк коалиция башка талапкерди сунуштайт.

Үчүнчү турда көрсөтүлгөн талапкер шайланбай калса анда көпчүлүк коалиция тарап кетүүгө тийиш.

3.3. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары:

- жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;

- сессияларга төрагалык кылат;

- жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коёт;

- жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин көзөмөлдөйт;

- жеткиликтүү иштебей жаткан комиссиялардын төрагаларына жана депутаттарга эскертүүлөрдү берет жана эффективдүү иштешин талап кылат, андан да жыйынтык чыкпаган учурда кеңештин мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясынын кароосуна жөнөтөт;

- шаардык кеңештин аппаратынын ишин көзөмөлдөйт;

- шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын туруктуу жана убактылуу комиссиялардын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйтт;

- жергиликтүү кеңештин төрагалары КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо КР мыйзамдарына ылайык ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт;

- жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигине шаардагы ишкана уюмдардын, башка мамлекеттик ишканаларынын жетекчилерине сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;

- шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;

- шаардык кеңеште иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитет;

- шаардык кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны шаардык кеңештин сессиясында кароого берет;

-бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык кеңештин сессиясына шаар-дык кеңештин өткөн жыл үчүн чыгашалары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайык келүүсү же андан ашып кетүүсү тууралуу жазуу түрүндөгү кеңири отчетту кароого берет.

- КРнын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.

3.4. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын 2/3 добушу менен кызматтан бошотулат.

3.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо депутаттардын ачык добушу менен жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды де эсептелет.

3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал төрага милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда төраганын милдетин аткарат.

3.7. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.

3.8. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.

 

4-глава

Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

Шаардык кеңештин жооптуу катчысы КРнын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.

 Жооптуу катчы:

4.1.Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү маалымат менен камсыздайт;

- сессиянын протоколун жүргүзөт;

- келип түшкөн иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;

- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде өз ара аракеттенет;

- кезектүү жана кезексиздигине карабастан сессияга 3 жолу себепсиз келбеген депутатты мыйзамдулук , укук коргоо , этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча комиссиясына чара колдонуу жөнүндө сунуштайт;

- шаардык кеңештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт;

- шаардык кеңешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана көзөмөлдөйт;

- шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткирүүнү көзөмөлдөйт;

- шаардык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат;

- шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат;

- шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелердин мазмунун 3 күн мурун шаардык кеңештин депутаттарына маалымдайт.

 

5-глава

Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

5.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын түзүлүшү, ыйгарым укуктары жана жыйналыштарын өткөрүү тартиби КРнын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 32,33,34 беренелери менен аныкталат.

5.2.Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык кеңештин карамагына таандык маселелери алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аларды аткарууну көзөмөлдөөүчүн убактылуу комиссияларды калыптантат.

5.3. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө калыптанат. Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеңеш менен аныкталат. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурун түзүлгөндөрдү жоё алат жана кайра түзө алат алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.

Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайлана албайт.

Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүөзүлөрүнүн курамынан төраганы жана төраганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт, аларды шаардык кеңеш ачык добуш берүү менен бекитет.

5.4. Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жооптуу жана ага баш ийет. Туруктуу комиссиялардын чечими шаардык кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.

5.5.Туруктуу комиссияга тушкон арыздар 5 кундун ичинде каралып чыгып , арыз берилген кундон тартып 10 жумуш кундун ичинде жообун беруу

5.6.Туруктуу комиссиялардын мучолору отурумдарга 3 жолу катышпаган учурларда чара колдонуу жонундо мыйзамдулук , укук коргоо , этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча комиссиясына жонотулот;

     5.7.Мыйзамдулук , укук коргоо , этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча комиссиянын укугуу :

- кеңешке түшкөн арыздар менен иштейт;

- шаардын мэринин аппаратындагы иштеген кызматкерлердин , ишканалардын , уюмдардын жетекчилеринин журуш-турумун карашат;

- жоопту катчынын сунушу боюнча кезектуу жана кезексиздигине карабастан сессияга 3 жолу себепсиз келбеген жеке депутатты фракциялардын тизмесинен чыгаруу туралуу фракцияга сунуш берет, фракция ал сунушту карап чыгып канаатандырууга тийиш.

Убактылуу комиссия шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн белгиленген тартипке ылайык өз ишин жүргүзөт.

5.8. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына бириккен учурда азчылыктын же копчулук фракцияларына (коалициясына) бюджет,финансы жана салык маселелер боюнча комиссияга берилет.

5.9. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жер,турак жай комиссиясынын курамына 3 депутат киргизилсин.

 

6-глава

Депутаттын милдети:

6.1. Шаардык кеңештин сессияларына милдеттүү түрдө катышуу.

6.2. Шаардык кеңештин сессияларында каралган маселелерди өзүнүн округундагы элдерге жеткирүү.

6.3. Өзүнүн округундагы көйгөйлүү маселелерди сессияга алып чыгуу чечимин камсыздоо.

6.4. Шаардын жалпы жашоо турмушуна активдүү катышуу.

6.5. Өзү кирген туруктуу комиссияда активдүү иштөө.

 

3-БӨЛҮК

Депутаттык фракция, коалиция

7-глава

7.1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет. Шаардык кеңеште көпчүлүк деп депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыяланган фракция же фракциялардын коалициясы саналат.

Көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракция шаардык кеңеште азчылык деп саналат.

7.2. Коалициянын жетекчиси жана аталган аты болууга тийиш.

7.3. Коалициядагы фракциялар бардыгы бирдей укукка ээ болот.

7.4. Шаардык кеңештин депутаты бир эле коалицияга мүчөлүк кылууга укуктуу.

7.5. Коалиция шаардык кеңештин төрагасына коалиция түзгөндүгүтууралуу атайын билдирүү менен кайрылат, коалициянын жетекчиси жана коалициянын аталышын көрсөтүүсү менен.

7.6. Коалиция түзгөндүгү туралуу арыз коалициянын мүчөлөрүнүн ар биринин кол коюусу менен тастыкталат.

7.7. Кеңештин Регламентинин негизинде катталбаган коалиция коалициянын укуктарына ээ боло албайт.

7.8. Коалициянын иштөө, депутаттын коалициядан чыгуу тартиби коалициялык келишимде көрсөтүлөт.

7.9. Көпчүлүк түзгөн коалиция шаардык кеңештин төрагасынын талапкерин сунуштайт.

7.10. Фракциялар шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу.

7.11. Коалиция арыз берген күнүнөн баштап каттоого алынышы тийиш.

 

8-глава

Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.

Шайлоочулардын суроо-талаптары

8.1.Шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык , экономикалык , маданий онуугу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт , алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.

8.2.Шаардык кенңш белгилеген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы , анын орун басары, фракциялардын лидерлери ,шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.

8.3. Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат.Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.

8.4.Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен , бирок жылына бир жолунда кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттуу.

Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.

Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеңеш же анын органы маалымдайт.

8.5.Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү жана шайлоочулар менен жогулушту үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.

Шаардык кеңеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.

Отчеттор жана шайлоочулар менен жогулушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.

8.6.Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо , аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын суроо-талаптардын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясына кароого берилет.

8.7.Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптарды жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.

Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.

8.8.Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда,ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.

8.9.Шайлоочулардын суроо-талаптардын ишке ашырууну шаардынмэриясына жана анын түзүмдүк болугу ишке ашырат.

Шайлоочулардын суроо-талаптардын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.

8.10.Шайлоочулардын суроо-талаптардын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө , шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.

Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндөүзгүлтүксүз маалымдап турушат.

 

 

9-глава

Көк- Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо

 

 

9.1. Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын жергиликтүүөзүн өзү башкаруу жөнүндө мыйзамынын негизинде шаардык кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн негизинде шайланат.

Шаар мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат.

9.2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүү шаардык кеңештин фракцияларынын укугу бар.

9.3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.

9.4. Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

9.5. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелинет.

9.6. Шаардын мэринин кызмат ордуна шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде уюштуруу жагы шайлоо комиссиясына жүктөлөт.

 

10-глава

Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби

10.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.

Шаардык кеңештин сессиясы ачык кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.

10.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин 1-сессиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин 2 жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.

10.3. Шаардык кеңештин 1-сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат.

10.4. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.

10.5. Шаардык кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуусун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.

10.6. Шаардык кеңештин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калгандардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.

10.7. Керек болгон учурларда шаардык кеңештин сессияларындагы маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө ММК булактарында чагылдырылат.

10.8 Сессияда каралуучу маселелер демилгечилер тарабынан сессиянын башталышына ___күн калганда киргизилет жана төраганын же туруктуу комиссиялар же депутаттардын фракциясы же шаардын мэри тарабынан киргизилиши мүмкүн.

 

11-глава

Шаардык кеңштин токтом долбоорлорун кароо тартиби

11.1. Шаардык кеңештин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.

11.2. Шаардык кеңешке кароого сунушталган токтом долбоору төмөнкүдөй болууга тийиш:

·         Кабыл алган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.

·         Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштщщ аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш.

·         Ушул маселе боюнча мурдагы токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунушта камтылууга тийиш.

·         Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша КРнын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.

11.3. Шаардык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

11.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин шаардык кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.

11.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катарын кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.

11.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.

11.7. Шаардык кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.

 

 

12-глава

Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.

12.1.Шаардык кеңешке кароого берилген документердин токтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:

- баяндаманычы көрсөтүү менен маселени даярдоо жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат.Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу учун даярдалса , анда коштомо ката тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;

-шаардык кеңештин токтом долбоору;

Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда ,иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме).

12.2.Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт .Шаардык кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.

Токтом долбоорун шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо , элдин алдында же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

12.3.Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:

- баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;

- баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;

- талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз;

- баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;

- добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;

-документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу ;

- негиз катары алынган документке оңдоолорду киргизүү

- документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү .

12.4.Токтом долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун компетенциясына жалпы баа берилет.

12.5.Шаардык кеңештин төрагасы , шаардык кеңештин төрагасынын орун басары ,шаардын мэри алдын ала жазылбай туруп ,кезексиз сөз сүйлөө укугуна ээ.

12.6.Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришип, сөз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.

12.7.Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу сөзгө укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө маселе коюлат.

Туруктуу комиссия жарыш сөздун жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана ал жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында билдирүүгө укуктуу.Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийнки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.

12.8.Шаардык кеңештин сессиясында документтин долброорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүнө) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып укуктуу.Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат.Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.

12.9.Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш томонку чечимдердин бирөөнү кабыл алат:

1) токтом долбоорун толук кабыл алуу;

2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;

3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертуулорду эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.

12.10.Токтом долборун анын жоболорун талкулоо менен кароодо талкулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштапр угулат.

Кабыл алынган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштоого жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.

Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиясы-нын сунуштары.Эгер шаардык кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.

12.11.Токтомдо анны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айканда:

1) мөөнөттөр такталат жана пунктары же токтому толукишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;

2) мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет , ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу , аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүүчүн мөөнөттөр аныкталат.

12.12.Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде анны контролдогон жак (шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.

Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыжайлуулугунун денгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчилике тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат.

Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.

Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) же шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.

12.13.Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу.

- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга ;

- аткарылган катары токтомдун кээ бир пунктарын контролдон алып салууга;

- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;

- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга ;

- токтомду жокко чыгарууга ;

- кошумча токтом кабыл алууга.

12.14.Контрол боюнча отчеттулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга)шаардык кеңештин сессиясына билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.

12.15.Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- сессияны өткөрүүнүн датасы , орду , шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;

- шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;

- сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын ) аты-жону;

- сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси ;

- добуш берүүнүн жыйынтыгы ;

- сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.Депутаттардын аты-жону алардын шайлоо округун көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.

12.16.Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы менен кол коюлат.Шаардык кеңештин сессиянын токтомдорун жеткире иштөөүчүн сессиялардын протоколдоорунун көчүрмөсү бир жумалык мөнөөттө жол жоболоштурулат.

12.17.Протоколдун туп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.

12.18.Депутаттарды табелдик катто баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.

Негиз катары кабыл алынган документердин долбоорлорунун текстинин туп нускасы жана алардын оңдоолору шаардык кеңештин аппаратында сакталат.

12.19.Документти кабыл алгандан кийин бир жуманын ичинде шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорунун аткаруучусу менен бирге аны жол жоболштурууну жүргүзөт.Шаардык кеңештин сессиясынын токтому каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттардын кол коюсунан кийин шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.

12.20.Шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуудан кийин 3 күндүк мөөнөттө шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмү тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаардын мэрине, документтин жооптуу аткаруучусу түзгөн тизме боюнча башка кызыктар жактарга жөнөтүлөт.

Шаардык кеңештин кайрылууларынын текстери кезеги менен алардын даректерине

жөнөтүлөт.

13-глава

Депутаттык этика жана шаардык кеңештин имаратында

тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо

13.1. Шаардык кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттуу.

13.2. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселени караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттуу жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтоого тийиш.

13.3. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна сунуш кылууга милдеттүү.

13.4. Жыйналыштырда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоого, ар намыс , кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.

13.5.Шаардык кеңештин жыйналыштар өтүүчү залы шаардык кеңештин жыйналыштарын өткөөрүүчү расмий жай болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти , этиканы жана журум-турумдун белгиленген ченемин сакташат.

13.6. Шаардык кеңеш иштеп жаткан учурда депутаттар жана ага катышкан адамдар шаардык кеңештин расмий иш мүнөзүнө ылайык келген кийим кийип жүрүүгө тийиш.

13.7. Жыйналыш убагында уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

IV БӨЛҮК

Шаардык кеңештин Регламенти

Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана

бекитүүнүн тартиби

14.1. Шаардык кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.

14.2. Регламент маселелери боюнча комиссиянын курамы шаардык кеңештин 5 депутаттынан кем эмес болууга тийиш. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.

14.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор жөнүндө сунуштарын киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.

14.4.Регламент жана Регламентке оңдоолор киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы :

 

Байдавлетов З.М.