| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык) |
Виртуалдык активдерди алмаштыруу
операторунун иши жана Виртуалдык
активдерди алмаштыруу операторлорунун
реестрин жүргүзүү жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 27, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши лицензиялануучу болуп саналат жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорун мамлекеттик каттоонун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
2. Ушул Жобого карата колдонулуучу төмөндө келтирилген терминдер төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:
бенефициардык менчик ээси - түпкүлүгүндө (менчиктин жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторун көзөмөлдөгөн жеке жак же болбосо анын атынан же кызыкчылыгында операция (бүтүм) жүргүзүлүп жаткан жеке жак (жеке жактар);
кардар - виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тейлөөгө кабыл алынган же тейленип жаткан же виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору менен ишкердик мамилелерди түзгөн же түзүп жаткан жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
пайыздык скоринг - бул виртуалдык активдин же виртуалдык капчыктын тобокелдик деңгээлин сандык баалоо, ал анын жүрүм-турумун, операцияларын жана акчаны адалдоо же терроризмди каржылоо сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерде колдонуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу башка факторлорду талдоого негизделет;
ыйгарым укуктуу орган - виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Башка терминдер "Виртуалдык актив дер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде пайдаланылат.
4. Ушул Жобонун максаттары үчүн юридикалык жактар үчүн каралган талаптар чет өлкөлүк укукка ылайык түзүлгөн жана юридикалык жактардын статусуна ээ болбогон уюмдарга да жайылтылат (юридикалык жактардын обочолонгон бөлүмдөрүнөн тышкары).
2. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун
акционерлерине/уюштуруучуларына/катышуучуларына,
бенефициардык ээлерине жана кызмат адамдарына карата