(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 226 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартиби (мындан ары - Тартип) 18 жашка чыга элек, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган же болбосо укук бузууларды жана укукка каршы жосундарды жасоосуна өбөлгө түзгөн абалда кабылган адамдарды ата-энесине, туугандарына, мыйзамдуу өкүлдөрүнө, балдар мекемелеринин өкүлдөрүнө (мындан ары - ата-энеси/башка адамдар) өткөрүп бергенге чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна (мындан ары - Борбор) жеткирүү жана убактылуу кармоо эрежелерин аныктайт.
2. 18 жашка чыга элек убактылуу кармалган адамдарды медициналык тейлөө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Борбордун жайларында 18 жашка чыга элек убактылуу кармалган адамдарды санитардык-эпидемияга каршы камсыз кылуунун үстүнөн контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүктөрүнө жүктөлөт.
Баланы Борборго кабыл алууда төмөнкүлөр кабардар болууга тийиш: ата-энеси/башка адамдар, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери (мындан ары - тийиштүү органдар).
Борбордун нөөмөт бөлүмүндө ишеним кутучасы орнотулат, ал аркылуу балдар өз арыздарын жана сунуштарын билдире алат.
3. Балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо үчүн Борборлорду пайдалануунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана ушул Тартип түзөт.
2-глава. 18 жашка чыга элек адамдарды жеткирүү, кабыл алуу жана убактылуу кармоо тартиби
4. Борбор тарабынан балдарды кабыл алуу күнү-түнү жүзөгө ашырылат. Балдарды жеткирүү ички иштер органдарынын кызматкерлери, 2002-жылдын 7-ноябрында Кишинёв шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун негизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелеринин кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
5. Борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки төмөндө көрсөтүлгөн балдарды убактылуу жайгаштырууга болот:
- адашкан;
- көзөмөлсүз калган;
- өз алдынча келген;
- балдар мекемелеринен өз алдынча чыгып кеткен;
- ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын камкордугусуз калган, аларга мамлекет жана коом тарабынан жардам көрсөтүү үчүн;
- өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда, тез арада коргоону камсыз кылууга муктаж болгон;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде КМШ өлкөлөрүнөн кайтарылган.
6. Борбордо төмөндө көрсөтүлгөн балдарды убактылуу жайгаштырууга болбойт:
- төрт жашка чыга элек;
- алкоголдук же наркотикалык мас абалында болгондугу ачык көрүнүп турган;
- кош бойлуулугунун айкын белгилери менен;
- медициналык жардамга муктаж болгон.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн балдар саламаттыкты сактоо жана балдарды коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берилет.
7. Борбордо балдарды убактылуу кармоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн балдарды жеткирүү жөнүндө токтому;
- КМШ өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан түзүлгөн балдарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы.
Токтом/кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы тиешелүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын/КМШ өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелеринин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
8. Бала Борборго жеткирилгенден кийин ага өздүк кароо жана анын өздүк буюмдарына кароо, ошондой эле медициналык кароо жүргүзүлөт. Баланы өздүк кароо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 528-беренесине ылайык текшерилип жаткан бала менен бир жыныстагы кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Эгерде өздүк кароо учурунда Борборго алынып келинген балдардан курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар, уулу, баңги жана психотроптук заттар табылса, аймактык ички иштер органынын тергөө-ыкчам тобу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын талаптарына ылайык зарыл болгон процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзөт.
Өздүк кароо учурунда белгиленген тартипте төмөнкүлөр убактылуу алынууга тийиш: акча, байланыш каражаттары, баалуу кагаздар, зер буюмдар, оюн карталары, спирт ичимдиктери, тамеки буюмдары, ширеңкелер, документтер, тешүү, аралоо жана кесүү буюмдары, айнек идиштери, ошондой эле балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу үчүн башка буюмдар.
9. Убактылуу алынып коюлган буюмдар ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык жеткирип келген адамдардын катышуусунда өздүк кароо протоколунда баяндалат.
Өздүк кароодо убактылуу алынып коюлган буюмдар материалдык баалуулуктарды каттоо журналына киргизилет жана сейфте сакталат.
10. Баланы ата-энесине/башка адамдарга өткөрүп берүүдө убактылуу сактоо үчүн алынып коюлган буюмдар ата-энесине/башка адамдарга ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык тилкат алуу менен берилет.
11. Борборго алынып келинген баланын ден соолугунун абалы суралат. Медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон учурда, ал медициналык тез жардам бригадасы тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү дарылоо мекемесине жөнөтүлөт.
12. Борборго жайгаштырылган балдар сүрөткө тартылып, ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык эсепке алуу журналына катталат жана маалымат базага киргизилет.
13. Борборго жайгаштырылган балдарга ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык эсепке алуу көктөмөлөрү ачылат, алар төмөнкү документтер менен комплекттелет:
- баланы Борборго жеткирүү жөнүндө токтом;
- өздүк кароонун протоколу;
- балага анкета, ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык;
- бала менен жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымкат;
- өткөрүлгөн тарбиялык иш-чаралар жөнүндө материалдар;
- ден соолугунун абалы жөнүндө дарыгердин корутундусу;
- баланын психологиялык мүнөздөмөсү боюнча психологдун корутундусу жана башка документтер.
Балага ачылган эсепке алуу көктөмөлөрү Борбордун кызматкерлери тарабынан балдарды Борбордо убактылуу кармоо мезгилинде жүргүзүлөт жана 3 жыл сакталат. Мөөнөтү бүткөндөн кийин эсепке алуу көктөмөлөрү иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жок кылынат.
14. Балдар жеткирилген учурдан тартып 3 саатка чейин Борбордо убактылуу кармалат.
15. Балдардын жана ата-энелердин/башка адамдардын анкеталык маалыматтары аныкталбаган учурларда, ата-энелер/башка адамдар балага келүүдөн баш тартканда жана балдардын келүү мөөнөтү дем алыш жана майрам күндөрүнө, түнкү убакытка туура келгенде, балдар ата-энелерине/башка адамдарга берилгенге чейин Борбордо 48 сааттан ашпаган убакытка чейин кармалышы мүмкүн. 48 саат өткөндөн кийин ата-энесин/башка адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, бала балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берилет.
16. Борборго жайгаштырылган балдар жаш курагына жана жынысына жараша топторго бөлүнөт, алардын саны 20 адамдан ашпашы керек. Эркектер жана кыздар өзүнчө уктоочу бөлмөлөргө жайгаштырылат.
Балдар Борбордо күнү-түнү байкоо алдында турат, Борбордон өз алдынча чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуз шарттарда кармалат.
17. Күн тартиби балдардын Борбордо күнү-түнү болушун эске алуу менен түзүлөт жана Борбордун начальниги тарабынан бекитилет.
18. Балдар Борбордо болгон учурда ушул Тартиптин 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн тамактануунун ченемдерине ылайык төрт маал ысык тамак-аш менен камсыз кылынат.
19. Борбордо кармалган балдарга төмөнкүлөргө укук берилет:
- аталган мекемеге жеткирилгендиги жөнүндө ата-энесине/башка адамдарга билдирүүгө;
- ата-энеси/башка адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө;
- гумандуу, ар-намысты жана адамдык абийирди кемсинтпеген мамилеге;
- төшөнчү буюмдарын алууга.