Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 24-январы № 20

2023-жылдын 28-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Палестина Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 28-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Палестина Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө палестина тарапка белгиленген тартипте кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров