Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 8-майындагы № 1 буйругу менен бекитилди) |
1-Глава. Ликер - арак заводдорунун өндүрүштүк кубаттуулугун эсептөөнүн тартиби
1. Ликер-арак заводунун өндүрүштүк кубаттуулугу негизги өндүрүштүн алдыңкы катардагы технологиялык жабдуунун өндүрүмдүүлү
гү боюнча эсептелет. Алдыңкы катардагы технологиялык жабдуу деп төмөнкүлөрдү эсептөө керек:
1) Тазалоочу цехте – көмүр - тазалоочу батареялар;
2) Ликер цехинде – купаждык -чыпкалоочу аппаратураны.
Алдыңкы катардагы жабдуунун иштөөсүн камсыз кылуучу бардык башка
жабдуулар жардамчы катары кабыл алынат.
2. Ликер-арак заводунун өндүрүштүк кубаттуулугу негизги технологиялык процесстер (операциялар) аткарыла турган жана даяр продукцияны чыгарууну камсыз кылууда чечүүчү мааниге ээ боло турган негизги – тазалоочу жана ликердук цехтердин суммардык кубаттуулугу боюнча эсептелет.
3. Бузуктугунун, ремонттоонун, модернизациялоонун аркасында убактылуу иштебей турган негизги өндүрүштүн алдыңкы катардагы жабдуусу жана ошондой эле монтаждоо процессиндеги жана кампада турган, эсептик мезгилде аракетке киргизүүгө арналган жабдуу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун эсептөөдө эске алынат.
4. Алдыңкы катардагы жабдуу менен бирдей, ушул участокто негизги продуктыны чыгаруу менен байланышкан процесстерди технологиялык документацияга ылайык, бирок нормативден тышкары аткаруу үчүн жардамчы цехтерде орнотулган жабдуу заводдун кубаттуулугун эсептөөсүнө кошулушу керек.
5. Отчеттук жыл жана пландаштырылып жаткан мезгил үчүн ликер-арак заводунун өндүрүштүк кубаттуулугу аны техникалык жаңыртып жабдуунун ( жүргүзүлгөн уюштуруу-техникалык иш чараларды кошо) жана реконструкция лоонун: жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн эсебинен өсүшүн; кубаттуулуктардын чыгып кетүүсүн, жабдуунун эскирүүсүн, чийки зат ресурстарынын түгөнүшүн (чектелишин), геологиялык шарттардын начарлоосун, чийки заттын башка түрүнө өтүүнү, имараттардын жана курулмалардын эскиришин, негизги фонддорду белгиленген тартипте башка ишканаларга өткөрүп берүүнү, жаратылыш кырсыктарын эске алуу менен эсептелет.
6. Техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүчү аракты жана ликер-арак буюмдарын декалитрлерде иштеп чыгуунун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу тазалоочу жана ликер цехтеринин суммардык кубаттуулугу катары аныкталат.
Арактарды жана ликер-арак буюмдарын өндүрүү боюнча технологиялык участоктордун жылдык кубаттуулугу ушул участоктордун алдыңкы катардагы жабдуусунун суткалык өндүрүмдүүлүгүн жыл ичиндеги толук 287 жумуш күнүнүн санына (тазалоочу жана ликер цехтеринин суткасына үч смендүү иштөөсүндө) көбөйтүү жолу менен аныкталат.
7.Жуучу-куйуучу цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу жабдуунун күнүгө эки смендүү иштөө режиминен жана жыл ичиндеги жумуш күнүнүн санына карата аныкталат:
1) беш күндүк жумушчу жумасында жана 8 сааттык жумушчу сменада 242 күн;