2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна)
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108, 2026-жылдын 28-августундагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун ушул типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу, тарбиялык, методикалык жана өндүрүштүк ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Бул Типтүү устав менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, кесиптик башталгыч билим берүүнүн бардык билим берүү уюмдарына жайылтылат.
3. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча квалификациялык эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону жүзөгө ашырат.
4. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле ушул Типтүү уставдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырат.
5. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, жүгүртүү каражаттары болот.
6. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун иши үчүн негиз болуп билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу саналат.
7. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун иши, функциялары, башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен өз ара мамилелери, финансылык-чарбалык ишинин өзгөчөлүктөрү анын уюштуруучусу тарабынан бекитилүүчү уставда аныкталат.
8. Түзөтүү мекемелери жана кесиптик окуу жайлары квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоону соттолгондорго кесиптик билим берүү жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзөт.
2-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун милдеттери
9. Кесиптик башталгыч билим берүү билим берүү уюмунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) квалификациялуу жумушчуларды, кызматчыларды жана ишкерлерди эмгек рыногунун талаптарына, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарына жана өтүнмөлөрүнө ылайык даярдоо;
2) түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондорду эмгек рыногунун талаптарына ылайык кесиптер жана адистиктер боюнча кесиптик даярдоо жана өндүрүштүк квалификациясын жогорулатуу;
3) кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын ишке ашыруу;
4) социалдык планда аз корголгон топтордун өкүлдөрүнө (жетимдерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү адамдарга, качкындарга, жумушсуздарга) билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
5) үзгүлтүксүз кесиптик даярдоону, анын ичинде жумуш ордунда окутууну жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
6) тигил же бул кесип боюнча даярдоонун талаптарына ылайык кесиптик окутууну уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү;
7) билим берүү уюмунун окуу-өндүрүштүк комплексинин, окуу-өндүрүштүк устаканаларынын жана окуу чарбаларынын базасында туруктуу жана кошумча убактылуу жумуш орундарын түзүү;
8) жаңы технологияларды, педагогикалык илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаны киргизүүнүн эсебинен жумушчуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу;
9) кесиптик билим берүүнү окуу жана методикалык камсыздоону, анын ичинде окутуунун техникалык каражаттарын дайыма толуктап туруу жана жаңылоо;
10) кесиптик багыт берүүгө, коомдук пайдалуу эмгекке аң-сезимдүү мамиле жасоого тарбиялоого катышуу.
3-глава. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун окуу жана тарбия ишин уюштуруу
10. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунда билим алуучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кесиптик башталгыч билим берүүнүн кесиптеринин жана адистиктеринин тизмесине ылайык кесиптер (адистиктер) боюнча жүргүзүлөт. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары жаңы кесиптер (адистиктер) боюнча, анын ичинде билим берүү уюму үчүн профилдик эмес кесиптер боюнча аталган кесип (адистик) боюнча институттук жана/же программалык аккредитациядан өткөн шартта окутууну уюштурууга укуктуу.
11. Кесиптер боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификацияны жогорулатууну уюштуруу үчүн кесиптик башталгыч билим берүү уюмунда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн типтүү окуу планын камтыган окуу-пландоочу документтердин топтому, ошондой эле предметтер боюнча программалардын топтому болууга тийиш. Кесиптик башталгыч билим берүү уюму өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен учурдагы окуу жылына жумушчу окуу планын жана зарыл болгон окуу программаларын иштеп чыгат, алар билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук (шаардык) методикалык органы тарабынан бекитилет.
12. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуу жылынын башталышынын жана аякташынын мөөнөттөрү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Билим алуучуларды окуу убагында сабактардан окуу процессине байланышпаган иштерге алаксытууга тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутуунун негизги тилдери мамлекеттик жана расмий тилдер болуп саналат, ошол эле учурда окутуу каалаган башка тилде жүргүзүлүшү мүмкүн. Башталгыч кесиптик билим берүү системасы билим алуучуларга окутуу тилин тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бардык билим берүү уюмдарында кыргыз, орус жана чет тилдеринин бирин үйрөнүү милдеттүү болуп саналат жана билим берүү стандарттары менен регламенттелет.
14. Күндүзгү окуу топторунун саны 25 адамдан кем болбошу керек. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн топтордо чет тилдерди, орус тилин, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн топтордо кыргыз тилин үйрөнүүдө топтор эки чакан топко бөлүнөт. Дене тарбия сабактары бир жыныстагы 8ден кем эмес адам болсо, эркек балдар жана кыздар үчүн өзүнчө өткөрүлөт.
15. Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен каржылануучу топтордо билим алуучулардын саны окутуу келишимине ылайык аныкталат.
16. Минималдуу жүктөмгө, теориялык жана өндүрүштүк окутуунун катышына, практиканын узактыгына, экзамендик сессияларга, каникулга, окуу жылын аяктоо жана экзамендерди өткөрүү тартибине карата талаптар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштарына ылайык билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
17. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутуу квалификациялык экзамендер менен аяктайт, аларды өткөрүү үчүн иш берүүчүлөрдүн же окуу профили боюнча ассоциациянын өкүлүнүн (экзамендик комиссиянын төрагасы), окутуучулардын, өндүрүштүк окутуу устаттарынын катышуусу менен экзамендик комиссиялар түзүлөт. Зарыл учурларда экзамендик комиссиянын курамына кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.
18. Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга тиешелүү билим деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтер берилет.
19. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын өздөштүргөн адамдарга квалификациялык сертификат берилет. Окуунун жыйынтыгы боюнча кесиптик циклдин предметтери боюнча теорияны мыкты билгендигин көрсөткөн, квалификациялык экзаменди эң жакшы тапшырган жана жогорку разрядды алган бүтүрүүчүлөргө артыкчылык менен квалификациялык сертификат берилет.
20. Жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн адамдарга жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет.
21.Кыска мөөнөттүү кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программаларын өздөштүргөн адамдарга сертификат берилет.
22. Объекттерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн атайын уюмдардын жана ведомстволордун көзөмөлүндө турган объекттерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөн адамдарга күбөлүк берилет. Күбөлүк квалификациялык сертификат менен кошо же өзүнчө берилиши мүмкүн.
23. Кесиптик башталгыч билим берүү программалары баскычтар боюнча түзүлүшү мүмкүн. Ар бир баскычты аяктагандан кийин бүтүрүү экзамени каралышы керек, анын жыйынтыгы боюнча билим алуучу окуу мезгилинде жетишкен квалификацияга ээ болот. Окуу жайын мөөнөтүнөн мурда аяктаган учурда билим алуучу мамлекеттик үлгүдөгү документти алууга укуктуу.
Мамлекеттик үлгүдөгү документ билим алуучу жүйөлүү себептер менен толук окуу курсун бүтүрбөгөн, бирок 1 жылдан кем эмес окуган жана биринчи баскычтагы окуу программаларын өздөштүргөн учурларда да берилет. Башка учурда окугандыгы жөнүндө маалымкат берилет.
24. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары билим алуучу жаштарды адеп-ахлактык, эстетикалык, укуктук, дене-бой, аскердик-патриоттук тарбиялоо жаатындагы ишти өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат, билим алуучулар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча укук коргоо органдары менен жана билим алуучулардын сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу боюнча саламаттык сактоо органдары менен биргелешкен иштерди жүргүзөт.
25. Билим алуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында эс алууну уюштуруу максатында кызыкчылыктар боюнча клубдардын, спорттук секциялардын, факультативдердин ж.б. иштери уюштурулат.
26. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары ченемдик документтерге ылайык эрезеге жеткен калкты, ошондой эле жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомолору боюнча эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча окутууну уюштурат.
27. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары өздөрүнүн ишин өркүндөтүүгө багытталган эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышат.
28. Кесиптик лицейде жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн билим алуучуларга жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет.
29. Жалпы орто билим берүү курсу үчүн жалпы билим берүү программаларын "эң жакшы" (бардык жалпы билим берүү предметтери боюнча үч жыл ичинде бардык жыйынтыктоочу баалар "5" болушу керек) өздөштүргөн жана бүтүрүүчү экзамендерди "эң жакшы" деген баага тапшырган билим алуучуларга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын колдонуудагы нускамалык документтерине ылайык артыкчылык менен аттестат берилет.
30. Кесиптик окуу жайларды аяктаган жана квалификациялык экзамендерди тапшырган билим алуучуларга өндүрүштүк квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.
Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерге киргизилбеген же аларды тапшырбаган билим алуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү маалымкат берилет. Бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерди кайталап тапшырууга 6 айдан эрте эмес убакытта уруксат берилет.
Билим алуучулардын кесиптик окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө документтери түзөтүү мекемелеринин атайын бөлүгүнө тапшырылат, соттолгондордун өздүк делолорунда сакталат жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотууда же мөөнөтүнөн мурда бошотууда алардын колуна кол койдуруу менен берилет.
Билим алуучулар башка түзөтүү мекемелерине которулган учурда соттолгон адам чыгып кеткен түзөтүү мекемесинин администрациясы которулган жери боюнча кесиптик окуу жайларына аяктагандыгы жөнүндө документ жиберет.