Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 3-апрели № 107-б
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу токтомуна, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинине ылайык, буйрук кылам:
1.Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде (мындан ары - Министрлик) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2.Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана регионалдык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери Министрликтин Тизмесине ылайык төмөндөгүлөр боюнча туруктуу негизде иш жүргүзсүн:
1) бар болгон коррупциялык тобокелдиктери азайтуу боюнча;
2) ишмердиги коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында Министрликтин адам ресурстарын башкаруу бөлүмү эки жылда бир жолудан көп эмес мамлекеттик кызматчыларды ротациялоонун планын түзсүн.
4. Ченемдик-укуктук камсыздоо башкармалыгы:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Министрдин орун басарлары бул буйруктун тескөөгө алынган түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аткарылышын контролго алышсын.
6. Документтик камсыздоо бөлүмү бул буйрук менен түзүмдүк, ведомстволук жана регионалдык бөлүнүштөрдүн жетекчилерин тааныштырсын.
7. Министрликтин санариптештирүү бөлүмү милдеттүү түрдө расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында;
- Министрликтин официалдуу веб-сайтында.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
9. «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын Тизмесин бекитүү жөнүндө» Министрликтин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 254-п буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин
2026-жылдын 9-июлундагы № 01-01/210
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 3-апрели № 107-б