Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

2023-жылдын 6-февралы № VI

Папан айыл өкмөтүндө тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу боюнча айыл өкмөттүн типтүү эрежесинин жобосун бекитип берүү жөнүндө

Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 5-февралындагы айыл өкмөттүн аймагынын тазалыгы үчүн 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарлыгын аткаруу максатында айыл өкмөттүн типтүү жобосун бекитип берүү айыл өкмөттүн сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Папан айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы токтом кылат:

 

1.Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 5-февралындагы айыл өкмөттүн аймагынын тазалыгы үчүн 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарлыгын аткаруу максатында типтүү эрежеси тиркемедеги Жобого ылайык бекитилсин.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин № 305 жарлыгынын аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Тагаев.