Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы N 252 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Компания) темир жол транспорту маселелерин тейлеген, Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана калкынын темир жол ташууларына болгон муктаждыктарын камсыздаган юридикалык жак болуп саналат.
2. Компаниянын уюштуруу документи Устав болуп саналат. Компаниянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
3. Компания өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Компаниянын толук расмий (фирмалык) аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
2) расмий тилде: государственное предприятие "Национальная компания "Кыргыз темир жолу" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики;
3) англис тилинде: "State Enterprise "National Company "Kyrgyz Temir Zholu" under the Ministry of Transport and Communications.
5. Компаниянын кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз темир жолу" УК" МИ;
2) расмий тилде: ГП "НК "Кыргыз темир жолу";
3) англис тилинде: SE "NC "Kyrgyz Temir Zholu".
6. Компаниянын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Компания толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптери боюнча иштейт, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттары, өз алдынча топтомо балансы бар, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
Компания чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
7. Уюштуруучу Компаниянын пайдасынын бир бөлүгүн белгиленген тартипте алууга укуктуу.
8. Компания Кыргыз Республикасынын милдеттери боюнча жооп бербейт.
9. Компания чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, обочолонгон мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана/же жоопкер катары чыгууга укуктуу.
10. Компания өзүнүн ишинин предметине жана максатына ылайык келген жарандык укуктарга ээ жана бул иш менен байланышкан милдеттерди тартат.
11. Магистралдык темир жолдор, анын ичинде бөлүнгөн тилкенин чегиндеги аймак жана коргоо зонасы, темир жол транспортунун объекттери (темир жол бекеттери, жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрөлөр, тоннелдер, жүргүнчүлөр платформасы, жолдор ж.б.) ошондой эле линиялык бөлүмдөр Компаниянын чарбалык карамагына кирет.
12. Компаниянын юридикалык дареги: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 83.
13. Компаниянын курамына төмөнкү филиалдар жана өкүлчүлүктөр кирет:
1) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү" филиалы, жайгашкан жери: 715604, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү, 7;
2) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын вагондук чарба боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 59а;
3) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жол чарба боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 93а;
4) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалы, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 3а;
5) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын локомотивдик чарба боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 105;
6) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 1;
7) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүк жүктөө жана түшүрүү иштери менен камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 45;
8) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720054, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Товарная көчөсү, 42;
9) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын маалыматтык-эсептөө менен камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Осмонов көчөсү, 1/1;
10) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын темир жол объекттерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлештирилген кайтаруу менен камсыз кылуу боюнча филиалы, жайгашкан жери: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 4;
11) "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы өкүлчүлүгү.
14. Компаниянын өкүлчүлүгү жана филиалдары өзү бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
15. Компания өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.