Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы N 252 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.

2. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет.

3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.

Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик саналат.

4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

5. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, эмблемасы, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык аталышы менен мөөрү бар өз алдынча юридикалык жак болуп саналат. Ишкана предметине жана ишинин максатына ылайык келген жарандык укуктарга ээ жана бул иш менен байланышкан милдеттерди аткарат.

6. Ишкананын толук расмий (фирмалык) аталышы:

1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасы;

2) расмий тилде: Государственное предприятие "Мостостроительный отряд" при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

7. Ишкананын кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:

1) мамлекеттик тилде: "Көпүрө куруу отряды" МИ;

2) расмий тилде: ГП "Мостостроительный отряд".

8. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде иштейт, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына ээ, өз алдынча топтомо балансы бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада белгиленген тартипте эсептешүү жана башка эсептерди ачууга укуктуу.

9. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүп берилген мүлктүн ээси болуп саналбайт. Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

10. Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын таза пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.

11. Ишкана чарбалык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, обочолонгон мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана/же жоопкер болуп чыгууга укуктуу.

12. Ишкананын юридикалык дареги: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 103.

2-глава. Ишкананын максаттары жана милдеттери

13. Ишкананын ишинин максаты мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын курулуш-монтаждоо иштерине, Ишкана тарабынан аткарылуучу (көрсөтүлүүчү) жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн камсыздоо, ошондой эле пайда алуу болуп саналат.

14. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) темир жолдордо, темир жол инфраструктурасында жана башка объекттерде курулуш-монтаждоо иштерине болгон суроо-талапты канааттандыруу;

2) жарандардын ден соолугунун жана өмүрүнүн, ошондой эле ташылган жүктөрдүн сакталышын камсыз кылуу менен тейлөөнүн жогорку деңгээлинде эл чарбасынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында темир жолдордун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, керектөөчүлөргө өндүрүштүк жана башка кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүү;

3) өзгөчө жагдайларда (кырдаалдарда), ошондой эле коргонуу мүнөзүндөгү атайын программаларды ишке ашырууда темир жолдорду пайдаланууну камсыз кылуу;

4) темир жолдун иштешинин туруктуулугун жогорулатуу жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү;

5) магистралдык темир жолдорду долбоорлоого жана курууга тиешелүү республикага экономикалык жардам көрсөтүүчү инвесторлор, эл аралык уюмдар, финансылык институттар менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү.