Редакцияот 17.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезектүү XIX сессиясы

2023-жылдын 17-январы № 115

Мырза-Аке айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставын бекитүү жөнүнүдө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктунун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мырза-Аке айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин.

 

2. Мырза-Аке айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставында көрсөтүлгөндөй так туура иш алып баруу Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Батаевге милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Жороева