1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик жогорку билим берүү программасын өздөштүрүү бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо менен аяктайт.
2. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бардык формалар боюнча кесиптик жогорку билим алып жаткан бүтүрүүчүлөргө карата колдонулат.
3. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун максаты болуп кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын (мындан ары - ЖКБ билим берүү уюму) бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик тапшырмаларды аткарууга болгон даярдыгынын деңгээлин жана аларды даярдоонун кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына шайкештигин аныктоо саналат.
4. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо аккредитацияланган ЖКБ билим берүү уюмдарында жана алардын аккредитациясы бар түзүмдүк бөлүмдөрүндө кесиптик жогорку билим берүүнүн адистиктери жана даярдоо багыттары боюнча жүргүзүлөт.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүүгө ЖКБ билим берүү уюму тарабынан кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына ылайык иштелип чыккан кесиптик жогорку билим берүүнүн адистиктери же даярдоо багыттары боюнча билим берүү программасын толук көлөмдө өздөштүрүүнү ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө жол берилет.
Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын бардык белгиленген түрлөрүн ийгиликтүү тапшырган шартта бүтүрүүчүгө тиешелүү квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик жана/же өздүк үлгүдөгү кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом берилет.
5. Аккредитациясы жок ЖКБ билим берүү уюмдарында окуган же аларды ийгиликтүү аяктаган адамдар аккредитациясы бар ЖКБ билим берүү уюмдарында учурдагы жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүүгө укуктуу.
2-глава. Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактын түрлөрү
6. ЖКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктоочу аттестациялык сынагынын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо;
2) мамлекеттик экзамен.
Милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын тизмеги жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет.
7. Бүтүрүүчү квалификациялык иштер жогорку кесиптик билим берүүнүн белгилүү бир баскычтарына ылайык формаларда аткарылат:
1) бакалавр квалификациясы үчүн - бакалаврдын бүтүрүүчү иши формасында;
2) адис квалификациясы үчүн - дипломдук иш (долбоор) формасында;
3) магистр квалификациясы үчүн - магистрдик диссертация формасында.
8. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин темалары ЖКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Бүтүрүүчүгө ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасын тандоо, анын ичинде аны иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө менен өзүнүн темасын сунуштоо укугу берилиши мүмкүн. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоо үчүн бүтүрүүчүгө жетекчи дайындалат.
Бакалаврлардын бүтүрүү иштери аткарылган курстук иштерди жана долбоорлорду жалпылоого негизделип, теориялык окутуунун акыркы мезгилинде жактоого даярдалышы мүмкүн.
Адистерди жана магистрлерди даярдоонун билим берүү программалары аяктагандан кийин аткарылган бүтүрүүчү квалификациялык иштер рецензияланууга тийиш. Рецензиялоо тартиби ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
9. Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткаруунун шарттары жана мөөнөттөрү ушул Жобонун, жогорку кесиптик билим берүүнүн тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
10. Окутуудан күтүлүүчү натыйжаларды текшерүү максатында ЖКБ билим берүү уюму тарабынан тиешелүү багыттардагы жана адистиктердеги окуу-методикалык бирикмелердин сунуштамаларын эске алуу менен жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын программасы, суроолордун тизмеги жана баалоо критерийлери иштелип чыгат жана бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары
11. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын, ушул Жобону, жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын, ЖКБ билим берүү уюму иштеп чыккан окуу-методикалык документтерди жетекчиликке алат.
12. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бүтүрүүчүнү даярдоонун жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жана бекитилген негизги билим берүү программасына ылайык окутуунун күтүлгөн натыйжаларына шайкеш келишин аныктоо;
2) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча квалификация ыйгаруу жана бүтүрүүчүгө жогорку кесиптик билими жөнүндө тиешелүү мамлекеттик же өздүк үлгүдөгү диплом берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишинин жыйынтыгынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу.
13. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо үчүн ЖКБ билим берүү уюму тарабынан ар бир багыт жана адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамы бекитилет.
ЖКБ билим берүү уюму тарабынан жогорку кесиптик билим берүүнүн бир билим берүү программасы боюнча бир нече мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы бекитилиши мүмкүн.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары бир календардык жыл бою иштейт.
14. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы иш берүүчүлөрдүн (бул тармакта иш алып барган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистеринин), ошондой эле ЖКБ билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын жана илимий кызматкерлеринин ичинен 5 адамдан кем эмес санда түзүлөт.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамындагы иш берүүчүлөрдүн саны комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 бөлүгүнөн кем болбоого тийиш.
15. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамына факультеттердин декандары, кафедра башчылары, административдик башкаруу персоналынын өкүлдөрү, билим берүү уюмунун жетекчилиги кирбейт.
16. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясын тиешелүү профилдеги бүтүрүүчүлөр үчүн потенциалдуу иш берүүчү болуп саналган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен төрага жетектейт, ал эми алар жок болгон учурда ушул профилдеги/адистиктеги илимдин доктору же илимдин кандидаты жетектейт. Төрага ЖКБ билим берүү уюмунда иштебеген адам болууга тийиш. Бир эле адам катары менен эки жылдан ашык мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы боло албайт.
Төрага мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишин уюштурат жана контролдойт, бүтүрүүчүлөргө коюлуучу талаптардын бирдей болушун камсыз кылат.
ЖКБ билим берүү уюму ар бир даярдоо багыты жана/же адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтар базасын өз алдынча түзөт.