БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бурана айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму
2023-жылдын 4-декабры № 51
2024-2026-жылдарга Бурана айыл аймагынын калкынын социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. 2024-2026-жылдарга Бурана айыл аймагынын калкынын социалдык жактан коргоо программасы бекитилсин.
2. Бул маселе менен иш алып баруу жагы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Б.Исагалиев |