Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызавтожол-Север" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызавтожол-Түндүк" МИ";
2) расмий тилде: ГП "Кыргызавтожол-Север".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалар менен коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкананын өз алдынча балансы бар жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантияны) алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 200.
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо боюнча иштерди аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу, ошондой эле мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын жол чарбасы чөйрөсүндөгү муктаждыктарын канааттандыруу саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруунун сапатынын ченемдик деңгээлин автомобиль жолдорунун абалы жана күтүү боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык камсыз кылуу;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын оңдоого, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууга бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурстарды үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын ишке киргизүүнүн эсебинен максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоо үчүн арналган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспортту жана башка негизги фонддорду жана каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларга бекитилип берилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн аларды талаптагыдай өз убагында оңдоону уюштуруу;
4) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
14. Ишкана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын сактоо менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды аткарууну, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууну өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча жумуштарды аткаруу;
3) жолдорду жана көпүрөлөрдү, транспорттук курулмаларды, коргоочу дамбаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерди куруу;
4) транспорттук жана өнөр жай-жарандык курулушу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
5) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалына туруктуу байкоо жүргүзүү;
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана алардагы жасалма курулмалардын техникалык абалын баалоо;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол кыймылын уюштуруу схемаларын, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол белгилерин, жүрүүчү бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана чиймелерин жайгаштыруу схемаларын белгиленген тартипте иштеп чыгуу;
8) оор салмактуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүдө келтирген зыянынын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
9) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана абаттоо жөнүндө сунуштарды даярдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорунун зыяндуу таасиринен экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
10) автомобиль жолдорун пайдалануучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар жактарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү шарттары жөнүндө маалымдоо;
11) жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу;
12) жүк ташууларды, жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук-экспедициялык жумуштарды жүзөгө ашыруу;
13) продукцияны, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү даярдоого жана сатууга келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактар (анын ичинде чет өлкөлүк) менен өз ара мамилелерди жүзөгө ашыруу;
14) оңдоо-курулуш материалдарын өндүрүү, сатып алуу жана сатуу;
15) карьердик жумуштарды жүргүзүү;
16) пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен иштетүү;
17) жол курулушу чөйрөсүндө адистерди уюштуруу жана окутуу;
18) франко-кампа чарбаларын уюштуруу;
19) жол курулушу, жолдордогу инженердик системалар жана курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук жумуштарды аткаруу;
20) илимдин жана техниканын жол курулушу жаатындагы жетишкендиктерин жол курулушуна киргизүү, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды өндүрүү;
21) илимий-техникалык консультация кызматтарын көрсөтүү;
22) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
23) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароону, аларга жазуу жүзүндөгү жоопторду даярдоону камсыз кылуу.»
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15. Лицензияланууга (уруксат алууга) тийиш болгон иштин түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырылат.
16. Ишкана көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша, Ишкананын кызыкчылыктарын эске алып же кардар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз алдынча белгилеген баалар жана тарифтер боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
17. Түз каржылоо учурунда мамлекеттик муктаждыктар үчүн жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалар жана тарифтер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана монополияга каршы орган менен макулдашылууга тийиш.