2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызавтожол-Юг" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызавтожол-Түштүк" МИ";
2) расмий тилде: "ГП "Кыргызавтожол-Юг".
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалар менен коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкананын өз алдынча балансы бар жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 80.
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишинин негизги максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча иштерди аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу жана өнүккөн жол тармагынын участокторунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүн камсыз кылууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда автотранспорт каражаттарынын жыл бою коопсуз жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорунун абалы жана аларды күтүү боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык тейлөө сапатынын ченемдик деңгээлин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу учурдагы оңдоо жана күтүү жумуштарын (кызмат көрсөтүүлөрүн) аткаруу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурс үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын ишке киргизүүнүн эсебинен максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу;
4) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоо үчүн багытталган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспортту жана башка негизги фонддорду жана каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларга бекитилип берилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын күтүү жана учурдагы оңдоо жумуштарын (кызмат көрсөтүүлөрүн) аткаруу үчүн аларды талаптагыдай күтүүнү жана өз убагында оңдоону уюштуруу;
5) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын сактоо менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча жумуштардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча заказдарды жана пландарды аткаруу;
3) жолдорду жана көпүрөлөрдү, транспорттук курулмаларды, коргоочу дамбаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерди куруу;
4) транспорттук жана өнөр жай-жарандык курулуш үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик органдар менен жол кыймылынын коопсуздугу жана автомобиль жолдорун абаттоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалына туруктуу байкоо жүргүзүү;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмалардын техникалык абалын баалоо;
8) канааттандырарлык эмес жол шарттары менен байланышкан жол-транспорттук кырсыктарга талдоо жүргүзүү, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
9) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте жол кыймылын уюштуруу схемаларын, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол белгилерин, жүрүүчү бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана чиймелерин жайгаштыруу схемаларын иштеп чыгуу;
10) жол жумуштарын аткаруу мезгилине транспорт каражаттарынын кыймылын уюштуруу схемаларын, ошондой эле транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсүн жана бул жумуштарды коопсуз жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды белгиленген тартипте макулдашууну камсыз кылуу;
11) оор салмактуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүдө келтирген зыянынын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
12) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана абаттоо боюнча сунуштарды даярдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорунун зыяндуу таасиринен экологиялык абалды коргоону жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
13) авариялык-кооптуу участокторду эсепке алуу жана жоюу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аварияларды алдын алуу жана транспорт каражаттарынын кыймылын чектөө боюнча иш-чараларды аткаруу;
14) автомобиль жолдорун пайдалануучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар жактарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү шарттары жөнүндө маалымдоо;
15) жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу;
16) жүк ташуу, жүк ташуу боюнча транспорттук-экспедициялык жумуштарды жүзөгө ашыруу;
17) продукцияны, товарларды кызмат көрсөтүүлөрдү даярдоого жана сатууга келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактар (анын ичинде чет өлкөлүк) менен өз ара мамилелерди жүзөгө ашыруу;
18) оңдоо-курулуш материалдарын өндүрүү, сатып алуу жана сатуу;
19) карьердик жумуштарды жүргүзүү;
191) пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен чалгындоо, иштетүү;
20) жол курулушу чөйрөсүндөгү адистерди уюштуруу жана даярдоо;
21) франко-кампа чарбаларын уюштуруу;
22) жол курулушу, жолдордогу инженердик системалар жана курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук жумуштарды аткаруу;
23) илимдин жана техниканын жол курулушу жаатындагы жетишкендиктерин жол курулушуна киргизүү, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды өндүрүү;
24) илимий-техникалык консультация кызматтарын көрсөтүү;
25) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
26) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароону, аларга жазуу жүзүндөгү жоопторду даярдоону камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Лицензияланууга (уруксат алууга) тийиш болгон иштин түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырылат.
16. Ишкана көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша, Ишкананын кызыкчылыктарын эске алып же кардар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз алдынча белгилеген баалар жана тарифтер боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
17. Түз каржылоо учурунда мамлекеттик муктаждыктар үчүн жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалар жана тарифтер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана монополияга каршы орган менен макулдашылууга тийиш.