КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 1- уюштуруу отуруму
2021-жылдын 12-майы № 1/4
Корул айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 29-беренесинин 2-пунктуна таянып, Корул айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2021-жылдын 11-апрелинде жаңыдан шайланган 21 мандаттуу №5138 Кең-Жылга шайлоо участкасынан Корул айылдык кеңешинин депутаты Елешова Нургүл Калмырзаевна Корул айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Нажимидин уулу Т. |