Документке
Мурунку15.02.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 15-февралы № 65-т

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагындагы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорунда жайгашкан Жыргалаң таш көмүр кенин иштетүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Y

1

14336060

4719400

2

14342307

4722220

3

14342595

4721772

4

14342746

4721553

5

14342735

4721548

6

14342581

4721765

7

14336360

4718727

Аянты 435,40 га

Жаңы03.06.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 15-февралы № 65-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 299-т тескемесинин редакциясына ылайык)