Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 3-сентябрындагы № 538

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 5-июну № 293

Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тоок жумурткаларын ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рыноктун талаптагыдай иштеши үчүн азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 28, 29-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасына жаңы тоок жумурткаларын (Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН 0407, 0408 коддору менен классификацияланган) ташып келүүгө (импорттоого) (реэкспортту, Кыргыз Республикасы аркылуу жумурткалардын транзитин жана анын аймагы боюнча ЕАЭБдин бир субъектинен экинчисине өтүүнү кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө (импорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 43 (3596) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров