Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги I cессиясы
2018-жылдын 12-январы № 1-3
2018-2022-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Нарын облусунун, Жумгал районунун,Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн “Жол картасын” бекитүү жөнүндө
2018-2022-жылдардын аралыгында “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын” негизинде Нарын облусунун, Жумгал районунун,Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн “Жол картасын” карап, депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, , Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. 2018-2022-жылдардын аралыгында“Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын” негизинде Нарын облусунун, Жумгал районунун,Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн “Жол картасы” бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго тапшырылсын.
Төрага: | М.Мусаев. |